ИИМ «Ихсан» турак жай кооперативине кылмыш ишин козгоду

Ички иштер министрлиги «Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативине «Алдамчылык» беренеси менен козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. Маалыматты «Клоопко» ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.

Милициянын маалыматына ылайык, кылмыш иш 2021-жылдын февраль айында козголгон.

4-апрелде кооперативдин ишине нааразы болгон мүчөлөрү «Ихсандын» Бишкектеги кеңсесине чогулушкан. Салымчылар убагында турак жай албаганын айтып, кооперативге берген акчаларды кайтарууну талап кылышкан. Ал эми «Ихсан» бул боюнча расмий комментарий берген эмес.

10-мартта «Ихсандын» Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Орозбек Асанов салымчылар үйдү «доллардын куну өскөнүнө байланыштуу алалбай жатканын» айткан.

Ошондой эле «Ихсан Групп ЛТДнын» негиздөөчүлөрүнүн бири Акинай Бекмурзаева журналист Улукбек Карыбек уулуна курган маегинде салымчылар кооперативге берген акчаларын 14 күндүн ичинде кайтарып алса болот деп ишендирген. Бекмурзаеванын айтымында, эгерде кооператив келишимде каралган мөөнөттү сактай албай калган болсо анда төлөмдөрдүн кайтарымсыз 4%ы да кайтарылат.

Мындан сырткары, турак жай кооперативинин юристи эгерде салымчыларга үй алуу үчүн каражаттар убагында берилбесе «кечигүүнүн ар бир күнүнө 100дөн 500 сомго чейин үстөк айып төлөнүп берет» деп билдирген болчу.

Кооперативдерге каршы кылмыш иштер

15-мартта Ош шаардык милициясы S-Line турак жай кооперативинин жетекчиси Бактыбек Аалиевди кармаган. Күч органдары ага «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу» беренеси менен айып таккан.

Аалиевдин үстүнөн 24 киши арыз жазып, тергөө зыяндын өлчөмү 40 млн сомду түзөөрүн айткан. Анткен менен Ош шаардык соту зыяндын өлчөмү «туура эмес эсептелгенин» аныктап, жабырлануучулар жети млн сом чыгымга учураганын билдирген. Мындан улам 22-мартта Аалиев үй камагына чыгарылган.

Ал эми 16-мартта Бишкектин Биринчи май РИИБси «Ак-Үй КейДжи» кооперативинин жетекчиси Талант Айтбаевди «алдамчылыкка» шектеп кармаган. Көп өтпөй милиция «Рассвет» жана «Баха-Сыдыгалы» турак жай кооперативдеринин директору Эрмек Нургазиевди «алдамчылыкка» шектеп кармаган — ал 2021-жылдын 9-февралында Бишкек шаарына бир күнгө мэр болууга үлгүргөн. Сот Нургазиевди №1 тергөө абагына киргизген.

22-мартта Ош ШИИБдин астына «Биринчи турак жай кооперативдин» салымчылары митингге чыгышкан. Маалыматка ылайык, кооперативдин үстүнөн 28 арыз түшкөн, ал эми Оштун милициясы «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир күн Бишкек мэринин милдетин аткарган Эрмек Нургазиев ТИЗО-1ге киргизилди

Ошто «Биринчи турак жай кооперативинин» ишине нааразы болгон тургундар митингге чыкты

Бишкекте «Ак-Үй КейДжи» кооперативинин башчысы алдамчылыкка шектелип кармалды