«Ихсандын» жетекчиси кооперативдин айланасындагы чуулар боюнча үн катты

«Ихсан» кооперативинин негиздөөчүсү Акинай Бекмурзаева кооперативде кооптоно турчу маселе жок экенин белгилеп, бардык кеңселерде кардарларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын белгиледи. Анын кайрылуусу Ютубдагы IHSAN GROUP LTD каналына жарыяланды.

Бекмурзаева кооперативдин ишмердүүлүгү кадимки нукта уланып жатканын билдирди. Анын айтымында, кайдарлар массалык түрдө нааразы болушкан жок.

Кооперативдин негиздөөчүсү кардарларга үй кезек менен берилип жатканын кошумчалап, ал кезекти көзөмөлдөгөн атайын комиссия түзүлгөнүн айтты.

«Учурда эки тараптуу комиссия түзүлгөн. Кезекти, үй алып жаткан кишилердин тизмесин көзөмөлдөп жатышат. Экинчи комиссия мүчөлөрү “каражатыбызды кайтарып алабыз” дегендердин тизмесин түзүп алып, көзөмөлдөп, байкап, кайтарылган сумманын чектерин кезек менен берилүүсүн көзөмөлдөп жатышат», — деди ал.

Бекмурзаева кардарлар кезекти көрүүсү үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип жатканын белгиледи.

«Рамазан айында кезек маселесин толук тактап алсак, кризистик абалдан чыгып кетип, кайра эле каражат маселеси чечилет. Учурда инвестициялык фонддор жана инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат», — деп билдирди ал.

Кооперативдин жетекчиси ИИМ козгогон иш боюнча дагы маалымат берип, анын компаниянын ишмердүүлүгүнө «коркунучу жок» экенин белгиледи.

4-апрелде «Ихсан» кооперативинин бир катар мүчөлөрү нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар үй алууга акча берип, бирок турак жай албай калганын айтып, акчаларын кайтарып берүүнү талап кылышкан. Ал эми ИИМ «Ихсан групп ЛТД» турак жай кооперативине 2021-жылы «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Буга чейин Ош жана Бишкек шаарларында бир нече кооперативдерге карата «Алдамчылык» беренеси менен иши козголгон. Алардын арасында S-Line, «Ак-Үй КейДжи» жана «Биринчи турак жай кооперативдери» бар.

Тема боюнча:

ИИМ «Ихсан» турак жай кооперативине кылмыш ишин козгоду

Бир күн Бишкек мэринин милдетин аткарган Эрмек Нургазиев ТИЗО-1ге киргизилди

Ошто «Биринчи турак жай кооперативинин» ишине нааразы болгон тургундар митингге чыкты

Бишкекте «Ак-Үй КейДжи» кооперативинин башчысы алдамчылыкка шектелип кармалды