Улуттук статком: Жыл башынан бери азык-түлүк 12,5%га кымбаттады

Кыргызстанда 2022-жылдын январынан тарта тамак-аш жана алкоголдук эмес суусундуктардын баасы 12,5%га кымбаттады. Бул тууралуу брифинг учурунда Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Ал алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баасы 11,8%га, азык-түлүк эмес товарлардын баасы 5,1%га, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифи 3,8%га өскөнүн айтты.

«Керектөө баалары жана тарифтер үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында республиканын бардык аймактарында байкалган.

Мында баанын максималдуу өсүшү 12,4%га Нарын облусунда катталган, бул башка региондорго салыштырмалуу эң көп, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына — 24,2%га кымбаттаганы менен шартталган», — деп билдирди ал.

30-майда президент Садыр Жапаров журналисттерге курган маектеринин биринде Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы эң эле арзан экенин айткан. Жапаров журналисттин эмне үчүн өлкөдө доллардын курсу түшсө да азык-түлүктүн баалары арзандабай жатат деген суроосуна ушинтип жооп берген.«Кошуна мамлекеттер эле эмес, дүйнө жүзү боюнча салыштырып көрсөңөр тамак-аш боюнча эң арзан мамлекет бул - Кыргызстан. Изилдеп салыштырып көрсөңөр толук ынанасыңар», — деп белгиледи президент.

Ал бир гана күйүүчү май Казакстан менен Орусияда Кыргызстанга караганда арзан деп белгилеген.

Айлык жана азык-түлүктүн баалары

Майдын башында «Клооптун» журналисттери Улуттук статистика комитетинин негизги азык-түлүктөргө карата бааларга мониторингинин* маалыматтарын талдап чыгып, 2019-жылдын апрелинин аягынан бери азык-түлүктүн баасы орто эсеп менен бир жарым эсе кымбаттаганын аныкташкан.

Баалардын кымбатташына биринчи кезекте COVID-19 пандемиясы жана мамлекеттердин чек аралары жабылганы, андан кийин Украинадагы согуш таасир эткен.

Көбүнесе суу майдын жана кумшекердин баасы эки эсе өскөн.

Ундун баасы бир жарым эседен ашык кымбаттаган. Жалпы алып караганда, баарынан да эттин баасы жогорулаган.

Жалпы айтканда талдоо баалар дээрлик ай сайын, падемия башталгандан бери өсүп жатканын көрсөтүп турат. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча азык-түлүк продукцияларынын жана суусундуктун бааларынын өсүшү дээрлик 18%ды, ал эми 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча — 13%ды түзгөн.

Бирок ал арада калктын кирешеси алда канча жай өсүп жатат. 2020-жылдын декабрында орточо айлык маяна 13,5%га, ал эми 2021-жылдын декабрында 9,7%га өскөн. Демек, кыргызстандыктардын маянасы азык-түлүктү көп алууга жетпей баратат.

Тема боюнча окуңуз: Азык-түлүктүн баасы пандемия башталгандан бери өсүп жатат. ИИМдин башчысына жооп