Садыр Жапаров: Тамак-аштын баасы Кыргызстанда эң эле арзан

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы эң эле арзан экенин айтты.

Жапаров журналисттин эмне үчүн өлкөдө доллардын курсу түшсө да азык-түлүктүн баалары арзандабай жатат деген суроосуна ушинтип жооп берди.

«Кошуна мамлекеттер эле эмес, дүйнө жүзү боюнча салыштырып көрсөңөр тамак-аш боюнча эң арзан мамлекет бул - Кыргызстан. Изилдеп салыштырып көрсөңөр толук ынанасыңар», — деп белгиледи президент.

Ал бир гана күйүүчү май Казакстан менен Орусияда Кыргызстанга караганда арзан деп белгиледи.

«Бирок бул мамлекеттер нефтинин чордону экенин унутпашыбыз керек. Өздөрүн эле камсыз кылышпастан, башка мамлекеттерге дагы экспорт кылышат», — деп түшүндүрдү Жапаров.

Кыргызстандагы маяна жана азык-түлүктүн баасы

Май айыныны башында «Клооптун» журналисттери биринчи керектөөдөгү азык-түлүктүн баалары тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарын талдап чыгып*, азык-түлүктүн баасы 2019-жылдын апрель айынан тарта орточо бир жарым эсе өскөнүн аныкташкан.

Алгач буга COVID-19 пандемиясы жана мамлекеттердин чек аралары жабылганы, андан кийин Украинадагы согуш таасир эткен.

Биз кыргызстандыктар күнүмдүк керектеген азык-түлүктөрдү тандап алып, Улуттук статистика комитетинин бааларга мониторингин* талдадык. Биздин талдоо көрсөткөндөй, бул продукциялардын баасы 2019-жылдын апрелинин аягынан бери орто эсеп менен бир жарым эсе кымбаттаган.

*Улуттук статистика комитети күн сайын бааларга мониторинг жүргүзүп, негизги азык-түлүктөрдүн орточо алганда өлкө боюнча да, айрым региондор боюнча да чекене баалары тууралуу маалыматтарды жарыялап турат.

Көбүнесе суу майдын жана кумшекердин баасы эки эсе өскөн.

Ундун баасы бир жарым эседен ашык өскөн. Жалпы алып караганда, баарынан да эттин баасы өскөн — бир килограмм уй эти орточо 160 сомго, ал эми кой эти — 185 сомго кымбаттаган.

Жалпы айтканда, биздин талдоо баалар дээрлик ай сайын, падемия башталгандан бери өсүп жатканын көрсөтүп турат, ошондуктан элдин «кабатыр болууга негизи» бар. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча азык-түлүк продукцияларынын жана суусундуктун бааларынын өсүшү дээрлик 18%ды, ал эми 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча — 13%ды түзгөн.

Бирок ал арада калктын кирешеси алда канча жай өсүп жатат. 2020-жылдын декабрында орточо айлык маяна 13,5%га, ал эми 2021-жылдын декабрында 9,7%га өскөн. Демек, кыргызстандыктардын маянасы азык-үлүктү көп алууга жетпей баратат.

Тема боюнча: Азык-түлүктүн баасы пандемия башталгандан бери өсүп жатат. ИИМдин башчысына жооп