Кадамжай: Исфайрам дарыясына агып кеткен 10 жашар өспүрүм изделип жатат

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусунун Кадамжай районунда Исфайрам дарыясына түшүп кеткен 10 жашар бала изделип жатат. Бул тууралуу «Клоопко» ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 12-июлда саат 12:00 чамасында катталган. Жерине сегиз куткаруучу тартылып, бирок кеч киргенине байланыштуу издөө иштери токтотулган.

Бүгүн, 13-июлда, өспүрүмдү издөө уланып жатат.

6-июлда Баткен облусунун Лейлек районундагы Баул айылында 16 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза тапкан.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар барганга чейин, жергиликтүү тургундар өспүрүмдүн сөөгүн суудан чыгарышкан. Маркумдун кандай жагдайда сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат берилген эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде 16 жаштагы өспүрүм көлмөгө чөгүп каза болду