Баткенде 16 жаштагы өспүрүм көлмөгө чөгүп каза болду

Баткен облусунун Лейлек районундагы Баул айылында 16 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 6-июлда кечки саат 21:00 чамасында болгон.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар барганга чейин, жергиликтүү тургундар өспүрүмдүн сөөгүн суудан чыгарышкан. Маркумдун кандай жагдайда сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат жок.

29-июнда Баткен районунун Ак-Турпак айылынын 56 жаштагы тургуну сууга чөгүп каза тапкан.

Милициядан маркум шериги менен бирге спирт ичимдиктерин ичкен деп билдиришкен. Андан соң ал «Кожошкен» дарыясына кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Артынан издеп барган шериктери дарыянын боюнда анын чечип койгон кийимдери менен кол телефонун көрүп, милицияга кабар беришкен.

Аталган окуя боюнча Баткен РИИБдин кызматкерлери Баткен райондук ӨКМ кызматкерлери биргеликте издөө иштерин жүргүзүшкөн.

29-июнда эрте менен саат 07:00 чамасында 56 жаштагы кишинин сөөгү аталган дарыядан табылган.