Кумтөр кениндеги жарака пайда болгон аймакта тоо-кен иштери жанданды

Кумтөр кенинин №20 жумушчу аймагында тоо-кен иштери жанданды. Бул тууралуу 13-июлда «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Майдын соңунда Кумтөр кенинин борбордук карьеринин Чыгыш тарабындагы каптал тектеринин жылышынын тездегени белгилүү болгон. Анда борбордук карьердин №20 аймагынын чыгыш тарабында жарака кеткени, ал жер массасынын көчүүсүнө алып келиши мүмкүн экени кабарланган. Буга байланыштуу ал жактан кызматкерлер менен техникалар чыгарылып, тоо-кен иштери токтотулган болчу.

«Кумтөр Голд Компаниден» жер кыртышынын жылышын басаңдатуу жана токтотуу боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын сунуштарын алышканын билдиришти. Комиссия «коргонуу иш-чараларын жүргүзүү жана деформация аймагынын туруктуулугун комплекстүү түрдө баалоо үчүн жергиликтүү жана чет элдик илимий-изилдөө уюмдарын тартуу боюнча» сунуштарын берген.

«Консалтингдик уюмдар берген сунуштардын негизинде КГК №20 жумушчу аймагындагы ишти жандандыруу жана иштетүү боюнча атайын коопсуздук чараларын иштеп чыкты», — деп белгилешти «Кумтөрдөн».

КГКдан «карьердин капталдарынын туруктуулугун көзөмөлдөө системасы олуттуу түрдө күчтөндүрүлгөнүн» белгилешти.

Карьердеги жарака

Буга чейин «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын учурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк борбордук карьердин айланасындагы кырдаал боюнча маалымат берип, аны «табигый көрүнүш» деп атаган.

«Ушундай учур 2002-жылы болгон, 2006-жылы да жылып кеткен. Тоо чоң жерден казылган, карьер абдан чоң: анын узундугу үч, туурасы эки, тереңдиги бир чакырым. Ушундай учурда жылыштар болот», — деген ал.

Бирок Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков алтындын негизги бөлүгү казылып алынган №20 аймакта пайда болгонун билдирген.

«20-аймакта жарылуу өйдө көздөй кетсе, ал жерде 21 деген кен казган аймак бар. Ал жарылуу бул жерге да таасир берсе, “Борбордук” карьерде жумуш толугу менен токтоп калышы мүмкүн. Ошондуктан илимий изилдөө иштери жакшы жүрүшү керек», — деп билдирген ал компания алтын өндүрүү боюнча коюлган планды аткара албай калышы мүмкүндүгүн белгилеп.

Анда КГК «оңой эмес кырдаал жаралганын» мойнуна алып, компания «алтын казып алуу боюнча план аткарылбай калышы мүмкүн экенин» түшүнүп турганын билдиришкен. Ошондой эле алар «адам өмүрү алтын казууга караганда кымбат турарын» жана КГК «жумушчулардын коопсуздугун биринчи орунга коёрун» белгилешкен.

Кендеги жагдай боюнча президент Садыр Жапаров дагы оюн айткан. 30-майда «Кабар» агенттигине курган маегинде Кумтөр кенин «башынан эле туура эмес иштетилип, экологияга зыян тийгизилгенин жана мындан ары да катастрофалар болот» деп билдирген.

Апрелдин башында минкаб жана Centerra Gold Inc. Кумтөр кенин Кыргызстанга өткөрүү боюнча баштапкы келишимге кол коюшкан. Келишимге ылайык, тараптар «Кумтөрдү» башкаруу боюнча талаш-тартыштарын жөнгө салышкан. Эки тарап тең бири-бирине койгон дооматтардан баш тартып, бири-бирине каршы сот териштирүүлөрүн токтотушканы келишимдин башкы шарттарынын бири болгон.