Кумтөр кени. Сүрөт: президенттин сайтынан.

Кумтөр кенинин борбордук карьеринин Чыгыш тарабындагы каптал тегинде жарака пайда болду. Ал жактан кызматкерлер менен техникалар чыгарылып, руда казуу токтотулду.

Кенди иштетип жаткан «Кумтөр Голд компани» мындан улам 2022-жылы 17 тонна алтын каза албай калышы мүмкүндүгүн жашырган жок.

Бул боюнча президент Садыр Жапаров дагы оюн айтып, кенде «мындан ары да катастрофалар болорун» билдирди. Ал буга өзү да, «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк да күнөөлүү эмес деп эсептейт.

Кыргызстандын «башкы ишканасында» эмне болуп жатканын, ал канчалык кооптуу экенин айтып беребиз.

Жарака жана комиссия түзүү

Tazabek басылмасы 26-майда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 18-майда эле ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын бергенин, комиссия борбордук карьердин каптал тектеринин жылышынын тездешинин себептерин жана кесепети кандай болушу мүмкүндүгүн изилдей турганын билдирген. Комиссия «Кумтөр Голд Компаниге» жер кыртышынын жылышын басаңдатуу жана аны токтотуу боюнча сунуштарды бериши керектиги белгиленген.

«Азаттык» үналгысы ведомстволор аралык комиссиядагы маалымат булагына таянып, борбордук карьердин Чыгыш тарабындагы каптал тегинде жарака кеткенин, ал жер массасынын көчүүсүнө алып келиши мүмкүн деп жазган.

«Комиссиянын мүчөлөрү көчүшү мүмкүн жердин көлөмүн жана анын карьерге кесепетин изилдеп чыгышы керек», — деп жазган басылма.

Ал эми 27-майда «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын учурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинин борбордук карьеринин каптал тектери жылыша баштаган жерден жумушчулар менен техникалар чыгарылганын кабарлаган.

Тенгиз Бөлтүрүк жана Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. Сүрөт: президенттин сайтынан.

Көп өтпөй эле «Кумтөр Голд Компани» өзү да билдирүү жасаган. Ал жактан жумушчулар менен техникалар коопсуздук максатында чыгарылып, жарака табылган жерде тоо кен иштери убактылуу токтотулганын белгилешкен.

«Компаниянын жетекчилиги адистер менен абалды изилдеп жатышат. Керектүү маалыматтар түшүп, иш коопсуз экенине көзүбүз жеткенде аталга жерде руданы казып алууну жандантуу чечими кабыл алынат», — деп айтылган компаниянын билдирүүсүндө.

Бул канчалык олуттуу?

Теңгиз Бөлтүрүк борбордук карьердин айланасындагы кырдаал боюнча маалымат берүүдө «ал табигый көрүнүш» экенин билдирген.

«Ушундай учур 2002-жылы болгон, 2006-жылы да жылып кеткен. Тоо чоң жерден казылган, карьер абдан чоң: анын узундугу үч, туурасы эки, тереңдиги бир чакырым. Ушундай учурда жылыштар болот», — деген ал.

Бөлтүрүктүн айткандары менен компаниянын инженерлери да макул. Тоо-кен бөлүмүнүн менеджери Алмаз Чомокеевдин айтымында, «Кумтөр кени геологиялык жана тектоникалык жактан абдан татаал жер».

«[Кен] татаал геологиялык жерде жайгашкандыктан бул жерде андай жаратылыш көрүнүштөрү боло берет, кадимкидей эле көрүнүш. Мурда деле ушундай болгон. Анда (2002 жана 2006-жылдары — ред.) дагы азыркыдай эле кырдаалга баа берүү үчүн эксперттер тартылган. Бул жолу да эксперттерди чакырттык, изилдөөнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз», — деп түшүндүрдү КГКнын башкы инженери Манас Кабаев.

Бирок Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков алтындын негизги бөлүгү казылып алынган №20 аймакта пайда болгонун белгиледи.

«20-аймакта жарылуу өйдө көздөй кетсе, ал жерде 21 деген кен казган аймак бар. Ал жарылуу бул жерге да таасир берсе, “Борбордук” карьерде жумуш толугу менен токтоп калышы мүмкүн. Ошондуктан илимий изилдөө иштери жакшы жүрүшү керек. Эми “быйыл 17 тонна алтын өндүрөбүз” деген план аткарылабы деген маселе бар. Азыр Сары-Төр анан Түштүк-Батыш деген да кен казылган жер бар. Бул аймактардан көп болсо үч тоннага чейин алтын алсак болот. Калган алтындын баары “Борбордук” карьеринен казылышы керек. Ошондуктан биз быйыл 10 тонна алтын өндүрсөк деле жакшы көрсөткүч болчудай», — деди ал «Азаттыкка» курган маегинде.

Буга чейин Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» Кумтөр кенинде алтын казууну көбөйтүп, 2022-жылы 17,5 тонна алтын алууну пландап жатканын айткан.

Садыр Жапаров Кумтөр кенинде алтын куймасы менен. Сүрөт: президенттин сайтынан.

Компаниянын өзүнөн Камчыбековго «алар деле кырдаалга Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасындай эле баа берип жатышканын» айтып жооп беришти. Анткен менен компания Камчыбековдун «айрым божомолдоруна макул эмес».

«Кумтөр Голд Компани» структуралык геология боюнча эл аралык эксперт Роберт Сигонун алдын ала талдоосуна таянуу менен жарака кеткен аймак №21 аймакка чейин жылып барбасын жана бул аймакта ишти токтотуу коркунучу жоктугун билдиришти.

«Ооба, чындыгында, оңой эмес кырдаал жаралды. “Кумтөр Голд Компани” алтын казып алуу боюнча план аткарылбай калышы мүмкүн экенин түшүнүп турат, бирок адам өмүрү алтын казууга караганда кымбат турат деп эсептейт», — деп билдиришти компаниядан.

«Мындан ары да катастрофалар болот»

Президент Садыр Жапаров 30-майда «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде Кумтөр кенин «башынан эле туура эмес иштетишкенин» билдирген.

«Ооба, экологиябыз абдан талкаланган. “Кумтөрдү” башынан эле туура эмес иштетишкен. Адис эместер башкарган. Ошол үчүн буга чейин канча жолу катастрофалар болгон. [...] Мындан ары да катастрофалар болот. Буга мен же Теңиз Бөлтүрүк күнөөлүү эмеспиз. Кайсы күнү эмне болуп кетерин бир Кудай өзү билет, ушуну унутпагыла. Анткени иштин башы 1990-жылдарда эле туура эмес башталган. Эгер чыныгы адистер баштаганда мындай катастрофалар болмок эмес», — деген ал.

Тенгиз Бөлтүрүк жана Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. Сүрөт: президенттин сайтынан.

Кумтөр кенин Кыргызстан эгемендик алгандан бери канадалык кмопаниялар иштетип келишкен. Алгач Канаданын «Камеко» корпорациясы иштеткен. Аны менен кыргыз бийлиги 1992-жылдан тартып 2004-жылга чейин иштешкен. Кийин кенди Centerra Gold Inc. иштете баштаган. Кызматташуу башталган бери кыргыз бийлиги канадалык компаниялар менен келишимди бир нече жолу карап чыгып, аларды экологиялык нормаларды бузууга айыпташкан.

Май айында Бишкектин Октябрь райондук соту КГКнын кенди иштетүүдө чыккан калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө төгүүнү мыйзамсыз деп тапкан. Сот КГКны, ал убакта «Центтерранын» «туундуу» ишканасы болчу, 261,7 млрд сомго айыпка жыккан.

Буга жооп катары канадалык компания Кыргызстандын өкмөтү мурда өзүнө алган милдеттенмелерди бузуп, «кенди зордук менен басып алды» деп билдирип, Бөлтүрүктү, андан кийин кыргыз өкмөтүн сотко берген.

Апрелдин башында минкаб жана Centerra Gold Inc. Кумтөр кенин Кыргызстанга өткөрүү боюнча баштапкы келишимге кол коюшкан. Келишимге ылайык, тараптар «Кумтөрдү» башкаруу боюнча талаш-тартыштарын жөнгө салышкан.

Эки тарап тең бири-бирине койгон дооматтардан баш тартып, бири-бирине каршы сот териштирүүлөрүн токтотушканы келишимдин башкы шарттарынын бири болгон.

«Азыр “Центерра Голд” мына ошол дооматтардан [2021-жылдын май айында Октябрь райондук соту 2 млрд доллар төлөп берүүгө милдеттендирген] оңой эле кутулуп кеткендей сезилип жатат. Анткени, бул оңой-олтоң чечиле турган маселе эмес болчу. Анда абдан чоң экологиялык көйгөй жана өндүрүштүк коопсуздук маселеси турат. Алдын албаса, саркынды суулар турган Петров көлүнүн жарылып кетүү коркунучу бар экени айтылган. Жаратылышка тийгизе турган зыяны эбегейсиз болушу мүмкүн. Ошонун бардыгы үчүн жоопкерчиликти алып салып, эгерде бирдеме болсо Кыргызстан доо коё албай турган болуп жатат», — деп айткан талдоочу Руслан Акматбек.

Акылбек Жапаров жана Садыр Жапаров. Сүрөт: президенттин сайтынан.

Баштапкы келишим түзүлгөндөн кийин Бишкек шаардык соту калаанын Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарган. Муну менен кыргыз бийлиги жалпы сууммасы 261,7 млрд сом же 3 млрд доллардан ашуун экологиялык бузуулар боюнча «Центеррага» койгон доомаатарынан баш тарткан.

Минкаб жана Centerra келишим кол коюлгандан 90 күндөн кем эмес убакыттын ичинде жабылат деген үмүттө.

Эксперттердин тынчсыздануусуна карабастан Садыр Жапаров бир нече жолу бийлик «Кумтөр» маселесин 99% элдин пайдасына чечкенин белгилеген.

«Келишим күчүнө киргенге чейин туура эмес сөздөр айтылып кетип ишти бузуп албайлы», — деген Жапаров.

Тема боюнча: «Кумтөрдүн» тагдыры Кыргызстандын колунда. «Центерра» менен макулдашуунун оош-кыйышы