Мындай чечим 13-июлда Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Өзбекстандын Сох районунун акими Сайидбахром Саидмусаев баштаган эки өлкөнүн делегациясынын жолугушуусунда кабыл алынды. Жолугушуу Баткен районундагы Таян айылындагы чек ара тилкесинде өттү.
Баткен облустук администрациясынын маалымытына ылайык, тараптар чек арада чыккан айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салууда жергиликтүү тургундарды аралаштырбай, тийиштүү органдар гана иштеши керек деп макулдашышты.
Ошондой эле эки тарап чек арага чектеш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, демаркациялоо процесси бүткөнгө чейин чарбалык иштерди токтотуп туруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү.
«Чектеш аймактарда чыр чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, андай аракеттерди болтурбоо, соода-сатык, экономикалык, чарбалык ирригациялык маселелерди жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө маселесин талкуулашты», — деп кошумчалашты облус башчысынын басма сөз кызматынан.
Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 314 километрди түзөт — 2017-жылдагы ратификациялоо мыйзамына ылайык анын 1 170и такталган.
Бирок өткөн жылы 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен чечилгенин маалымат жыйында билдирген. Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация 24-25-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген чек ара маселелерин чечүү боюнча комиссия Ташкентте эки тараптуу протоколго кол коюшкан.
Кабыл алынган протоколдор боюнча Кыргызстандын жер-жерлеринде нааразачылыктар жаралып, айрыкча кыргызстандыктар «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгиндеги 50 гектар жерди коңшу өлкөгө бербөөнү жана протоколду жокко чыгарууну талап кылышкан.
Андан соң Ташиев Ташкентке кайра барууну убадалап, «Кемир-Абад» суу сактагычынын жээгинен Өзбекстанга жер берилбейт деген.