«Курал колдонулду». Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, эки кыргызстандык каза тапты

Кыргыз–өзбек чек арасында курал колдонулган чыр-чатак чыгып, окуяда өзбек чек арачылары эки кыргызстандыкты атты. Бул тууралуу 5-апрелде Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ведомство маалымдагандай, окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, Кыргызстандын бир нече жараны Өзбекстандын аймагына ат менен мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылышкан. Кыргызстандын Чек ара кызматы өзбек тараптын чек арачыларына таянып, жүктүн баасы 20 миң доллардан ашык сумманы түзгөнүн билдиришти.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматында Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандыктарды Өзбекстандын аймагындагы чек ара сызыгынан 500 метр алыстыкта аныкташкан деп айтылат.

«Аткезчилер өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийишкен эмес. Жарандарды кармоо учурунда чыр чыккан. Өзбек чек арачылары өз өмүрү жана ден соолуктарын сактап калуу үчүн курал колдонуп, анын кесепетинен эки жаран алган жаракаттарынан улам каза болушкан. Калган чек ара бузуучулар Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн», — деп билдиришти ведомстводон.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан каза болгон жарандардын теги өзбекстандык экенин, бирок 2012-жылы кыргыз жарандыгын алып, өзбек паспортторун сактап калышканын белгилешти.

Каза тапкандар 31 жана 38 жаштагы жарандар экени белгилүү. Маркумдардын сөөгүн өзбек тарап Кыргызстанга өткөрүп берген.

«Эки тараптын чек ара өкүлдөрү ар бир тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болуп сүйлөшүштү», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Мындан тышкары, ведомствонун маалыматында алардын Дейрес айылындагы кызматкерлери аткезчилик жүктөрдү ташууга катыштыгы бар жарандарды издөө иш-чараларын башташканы айтылат.

Чек ара кызматынан кыргыз-өзбек чек арасында 5-апрелдин саат 23:50 карата абал туруктуу болгонун кошумчалашты.