Айтбекова: Зомбулукка кабылгандарга жардам берүү жарандык коомдун эле эмес, мамлекеттин иши

Белгилүү актриса жана блогер Назира Айтбекова соцтүйүндөгү барактарына зордук-зомбулукка кабылган кыргызстандыктардын окуяларын жарыялагандан бери Акыйкатчы институтунан башка бир дагы мамлекеттик орган жабыркагандарга жардам берүү сунушу менен кайрылбаганын жазып чыкты.

Анын айтымында, бейөкмөт уюмдар жана Акыйкатчы институту гана байланышка чыгып, жабыркагандарга жардам берип келе жатат.

Айтбекова зомбулукка кабылгандарга жардам берүү блогерлер менен жарандык коомдун эле эмес, мамлекеттин да иши экенин эскертти.

«Мамлекет мамыйган бойдон уктап жатат. [...] Өлкөдө 18 кризистик борбор болсо, анын 17си бейөкмөт уюмдардыкы. Жөн эле батышчылдар анан НПОлор деп оозуңарды кере, кесир сүйлөйсүңөр го! Ошолор эле көйгөйүңөр менен алек! Бир дагы мамлекеттик орган мага чалып, кызматташалы деген жок. Силердин көйгөйүңөрдү көрөйүн деген көзү көчүктөрүндө. Мамлекет иштебесе, ошентип элди эл эле сүйрөйт экен айла жок», — деди ал.

Назира Айтбекова соңку эки айтан бери Фейсбук жана Инстагарм барагында сексуалдык ыдыкка жана зордук-зомбулукка кабылган кыргызстандык кыз-келиндердин окуяларын байма-бай жарыялап келет.

Айтбековага анонимдүү кат жөнөткөн көпчүлүк кыздар секелек кезинде же бойго жеткенде чоочун эркектерден, кээде жакын туугандарынан сексуалдык ыдык көргөнүн баяндашкан. Айрымдары үйдө же коомдук жайларда зордук-зомбулукка дуушар болгонун жазышкан.

Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркек кишинин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

ИИмдин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алгачкы 5 айында 3 988 үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактысы катталган. Ал эми жыл башынан бери балдарга карата зомбулуктун 400дөн ашык учуру катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Эгерде сиз шеригиңиздин же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Тема боюнча:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз