Кочкордо 43 жаштагы киши жубайын бычактап, андан соң өзү асынып алды

Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну аялын бычактап, андан соң өзү асынып алды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 17-июлда саат таңкы алты чамасында болгон. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, жубайлар ортосунда чыр чыгып, 43 жаштагы киши 33 жаштагы жубайын ашкана бычагы менен сайып жиберген.

Мекемеден аялды тез жардам кызматы алып кетип, Кочкор райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырганын белгилешти. Ал эми шектүү Кочкор районунун Токой чарбасына тиешелүү бакчадан асынган абалда табылды.

Милициядан сөөккө кароо жүргүзгөндө денесинен күч колдонуунун белгилери байкалган жок деп кошумчалашты.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Ушул жылдын июнь айында Баткен облусунун Кадамжай шаарында 35 жаштагы киши аялын мыкаачылык менен аялын өлтүрүп, андан соң өз өмүрүнө кол салып, каза тапкан.

Кыргызстандагы фемицид жана үй-бүлөлүк зомбулук

*Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсүндө аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табары аныкталган — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандын кесепети.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстанда 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан окуялар катталбай, расмий статистикага кирбей калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.