Сузак: Ташиев жалгыз бой аялга үй куруп берди, каражат булагы белгисиз

Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнүн Үлгү айылында жалгыз бой аялга турак үй куруп берди. Бул тууралуу  17-июлда Ташиевге таандык «Регион» телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов кабарлады.

Рахмановдун айтымында, айылдын тургуну Гүлшайыр Ташполотованын үйү 2021-жылдын декабрында толугу менен өрттөнүп кеткен. Мындан улам ал жардам сурап атайын кызматтын төрагасына кайрылган.

Өткүрбек Рахманов «Ташиев жардам берүүгө даяр экенин айтып, 33 күндө жаңы үй салып бергенин» айтты.

«Үйдө жашоо үчүн бардык керектүү шарттар камтылган. Бүгүн жаңы турак жайдын ачкычын Камчыбек Ташиев Гүлшайыр Ташполотовага айыл аксакалдарынын жана үй ээсинин жакындарынын катышуусунда тапшырды», — деп жазды ал.

Ал эми аталган турак үйгө сарпталган каражаттын булагы ачыкталган жок.

Камчыбек Ташиев бийликке келгенден бери муктаждарга жардам бергени тууралуу сүрөт-видеолору көбүнчө өзүнүн «Регион» телеканалына жарыяланып келет.

Үстүбүздөгү жылдын 6-мартында да Ташиев Сузак районунун Барпы айылында бөйрөк ооруусунан жабыркаган Гүлжан Абдыразак кызына үй куруп бергени айтылган. Анда да, каражат булагы белгисиз бойдон калган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев 8-мартка карата 1000ге чукул баатыр энени ресторанда сыйлады

Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев 1000ден ашык адамга президенттин атынан ооз ачар уюштурду