Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев 8-мартка карата 1000ге чукул баатыр энени ресторанда сыйлады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарында «Баатыр энелерди сыйлоо» майрамдык иш-чарасын өткөрдү. Салтанат эки ресторанда 1000ге чукул баатыр эненин катышуусунда өттү.

Ташиевге караштуу «Регион ТВнын» башчысы Өткүрбек Рахманов Фейсбук барагына бул тууралуу пост жарыялап, сүрөттөр менен бөлүштү.

Рахманов жарыялаган маалыматка ылайык, алгач көзү өткөн жалпы энелерге куран окутулган. Андан соң энелердин алдына атайын кызматтын башчысы чыгып сөз сүйлөгөн.

«Сиздер менен жолукканда кубанамын, апамды көргөндөй болуп сүйүнөмүн. Сиздер менен 30 жылдан бери 8-мартта жолугабыз. Ушул күнү бардык жумушумду таштап сиздердин алдыңыздарга келем. Баатыр энелерден башка мен эч кимди куттуктабаймын», — деди ал.

Баатыр энелерди сыйлоо жана куран окутуу иш-чарасын 7-канал Фейсбук аркылуу түз эфирде чагылдырды. Анда Ташиев иш-чараны эки ресторанда уюштурганын айткан.

«Бул майрам өзгөчө деп миңдин тегерегиндеги баатыр энени чогулттум. Атайын көбүрөөк кылып чогулттум, баатыр энелерди куттуктайын деп. Азыр кийинки ресторанда дагы баатыр энелер отурат, ошолорду куттуктап келейин. Сиздер чай ичип отура бериңиздер. Мен сөзсүз кайтып келем, анан жакшылап ушул жерден баарлашабыз», — деп түшүндүрдү УКМКнын башчысы.

«Регион ТВ» телеканалы энелерди сыйлоо иш-чарасынан сюжет даярдаган. Андан энелерди куттуктап эмгек сиңирген ырчы Сыймык Бейшекеев жана эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы ырдаганын көрүүгө болот.

Ташиев сөзүнүн аягында келерки жылдан баштап иш-чараны уулдары өткөрө турганын белгиледи.

«Балдарымдын балдары дагы күнү келгенде бул салтты улантып кетсин. Түбөлүктүү болуп, Баатыр Энелерди сыйлоо салты улансын. Ак батаңыздарды бериңиздер», — деди Ташиев.