Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев 1000ден ашык адамга президенттин атынан ооз ачар уюштурду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде Жалал-Абад шаарында 1000ден ашык адамга президент Садыр Жапаровдун атынан ооз ачар уюштурду.

Ташиевге караштуу «Регион ТВнын» башчысы Өткүрбек Рахманов Фейсбук барагына бул тууралуу пост жарыялап, сүрөттөр менен бөлүштү.

Рахманов жарыялаган маалыматка ылайык, ооз ачарга жергиликтүү дин кызматкерлери дагы катышып, көзү өткөн адамдарга куран окутулду. Андан соң келгендерге атайын кызматтын башчысы чыгып сөз сүйлөп, өлкө башчысы Садып Жапаровдун саламын жеткирди.

«Бүгүн сиздерге президентибиз Садыр Жапаровдун атынан ооз ачырылып жатат. Президент ар бириңиздерге салам айтып жиберди. [...] Президентибиздин президент болуп шайланганына бир жылдан өтүп калды. Мамлекетибиздеги өзгөрүүлөр, жакшылыктар бир-аз, бир-аз байкала баштады», — деген пикирин билдирди атайын кызматтын башчысы.

«Регион ТВ» телеканалы* даярдаган сюжеттен ооз ачарга жалаң эркекетер менен аксакалдардын келгенин көрүүгө болот. Сюжетте тургундар ооз ачкан соң Камчыбек Ташиев келгендер менен бирге намаз окуп жатканы да чагылдырылган.

*«Регион» телеканалынын башкы редактору Өткүрбек Рахманов журналист Адыл Акжол уулуна берген маегинде телеканал Ташиевге караштуу экенин тастыктаган.

Ушул эле күнү Баткен шаарында өткөн жылы чек арадагы куралдуу жаңжалдан каза болгон 36 кишинин урматына президент Садыр Жапаровдун атынан ооз ачар уюштурулган. Жалпы 400 адамга сый тамак уюштурулуп, куран окутулган.

Үстүбуздөгү жылдын 8-мартында дагы Камчыбек Ташиев Аялдардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарында «Баатыр энелерди сыйлоо» майрамдык иш-чарасын уюштурган. Салтанат эки ресторанда 1000ге чукул баатыр эненин катышуусунда өткөн. Ташиев сөз сүйлөп, келерки жылдан баштап иш-чараны уулдары өткөрө турганын белгилеген.

Тема боюнча:

Баткен шаарында президент Садыр Жапаровдун атынан ооз ачар уюштурулду

Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев 8-мартка карата 1000ге чукул баатыр энени ресторанда сыйлады