«16 жаштагы кызды зордуктоо иши». Акыйкатчы Чүй ОИИБнин башчысын иштен алууну талап кылды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Токмокто зордукталган 16 жаштагы кыздын иши боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысын, басма сөз кызматынын өкүлдөрүн жана ишти иликтеп жаткан тергөөчүнү кызматтан алууну талап кылды.

Абдрахматова Чүй облустук милициясы иш боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын ачыкка чыгарып салганын айтып, «милиция ишти кыскартып, шектүүнү актоого» кызыктар деп баалады.

«Жашы жете элек кыздардын укугунун бузулушу боюнча тергөө материалдары ушуну менен үчүнчү жолу ачыкка чыгып жатат. Сексуалдык зомбулукка кабылгандардын укугу канчанчы жолу бузулуп жатат? Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын тараткан Чүй ОИИБдин иш-аракети жабырлануучунун кадыр-баркына шек келтирүүгө гана багытталган жана расмий түрдө алар кылмыш ишин токтотуп, шектүүнү актоого кызыктар деп баалайм», — деди ал.

Акыйкатчы 16 жаштагы кыз 19-июлда кайрадан ооруканага түшүп калганын айтып, Чүй ОИИБи жана тергөөчү кызды реабилитациялоого кеткен бардык чыгымдарды төлөп берсин деп талап кылды.

«Башкы прокурордон жашы жете элек кызды ушундай абалга алып келген милиция кызматкерлеринин жана шектүүнүн аракетине баа берүүнү талап кылабыз», — деп белгиледи акыйкатчы.

Чүй облустук милициясы иш боюнча соттук-медициналык экспертизанын таркап кеткени боюнча азырынча маалымат бере элек. Милициядан «Клоопко» окуянын жагдайларын тактаган соң маалымат берүүнү убадалады.

16 жаштагы кызды зордуктоо иши

Чүй ОИИБнен Токмокто 16 жаштагы кыз зордуктоого кабылганы тууралуу 19-июлда атасы арыз жазганын билдиришти. Арыз ээси райондук милицияга Ю.И аттуу киши менен анын таанышы үй-бүлөсүн курал менен коркутуп жатканын дагы айтып, чара көрүүнү суранган.

Милиция кызматкерлери шектүүнү кармап, суракка алган. Бирок ал жабырлануучу тараптын айыптоосун четке каккан. Ал эми сүйлөшүүгө барганын алардын жалган маалымат берип жаткандыгы менен түшүндүргөн. Ал ошондой эле, милицияга жолугушуунун видео, аудио далилдерин берген.

Милиция материалдары изилдеп чыгып, ок атуунун же коркутуунун белгилери аныкталбаганын билдирди.

Чүй ОИИБи 16 жашар кыздын зордукталыш боюнча бардык тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын айтып, азыркы тапта 29 жаштагы Ч.Р атуу киши убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин белгилешти.

Балага карата зордук-зомбулук

Өткөн жылы Кыргызстандагы Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова 2020-жылы өлкөдө балдарга карата зомбулуктун 287 учуру катталганын билдирген — анын 151и кыздарга карата жасалган.

Рысбекованын айтымында, 177 бала физикалык зомбулукка кабылган, 71 жеткинчекке карата сексуалдык зомбулук жасалса, алардын 63ү кыздар болгон. Ошондой эле, 36 бала психологиялык зомбулукка учураган.

Балдар укугу боюнча адис зомбулуктун 43% учуру 8 жаштан 14 жашка чейинки балдарга карата жасалганын кошумчалаган. Ал эми сексуалдык зомбулуктун 51%ы 15 жаштан 18 жашка чейинкилерге жасалган.

Тема боюнча:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт