2020-жылы өлкөдө 71 бала сексуалдык зомбулукка кабылган — Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл

Кыргызстандагы Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова 31-май күнү брифинг учурунда 2020-жылы өлкөдө балдарга карата зомбулуктун 287 фактысы катталганын айтып берди.

Анын маалыматы боюнча, 287 зомбулук фактысынын ичинен 151 учур кыз балдарга карата болгон.

«177 бала физикалык зомбулукка кабылган, 71 жеткинчекке карата сексуалдык зомбулук жасалса, алардын 63ү кыздар болгон. Ошондой эле, 36 балага карата психологиялык зомбулук жасалган», — деп айтып берди Рысбекова.

Дагы караңыз: «Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

Балдар укугу боюнча адис күч колдонуунун жалпы санынын 43% учуру 8 жаштан 14 жашка чейинки балдарга карата болгонун кошумчалады. Ал эми сексуалдык зомбулук 51% учурда 15 жаштан 18 жашка чейинкилерге карата колдонулган.

«Жалпы зомбулук фактыларынын ичинен 42%ы чоочун адамдар тарабынан, 32%ы баланын ата-энеси, ал эми 14%ы туугандары тарабынан жасалган», — деп билдирди ал.

Рысбекова белгилегендей, зомбулуктун дээрлик бардык фактыларынын жарымы — 48%ы — бакубат үй-бүлөлөр деп аталгандарда, дагы 39%ы оор турмушта жашаган үй-бүлөлөрдө катталган.

«2020-жылы пандемия күч алып турган убакта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери эмгек мигранттарынын 86 миңге чукул балдарын аныкташкан. Дээрлик 69 миңи ата-энеси чет өлкөгө чыгып кеткендердин балдары болгон, алардын ичинен 3 800 бала таптакыр эле чоочун адамдарга калтырылган», — деди Рысбекова.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт