Токаев: ЖККУнун миссиясы аяктады, аскерлерди чыгаруу 10 күндөн ашпаган убакытты алат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда мажилисте (парламенттин төмөнкү палатасында) сөз сүйлөп жатып ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы аяктаганын билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн баардык аймагында абал туруктуу.

«Эки күндөн кийин ЖККУнун контингенти этап-этабы менен чыгарыла баштайт. Ал 10 күнгө жетпеген убакытты алат», — деп келтирди vlast.kz Токаевдин сөзүн.

Өлкө аймагында ЖККУга мүчө мамлекеттердин жалпы 3 миңден ашык аскери бар, алардын басымдуу бөлүгү Орусияныкы. ЖККУнун курамына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларус жана Орусия кирет.

Кыргызстандык аскерлер Казакстанда. Видеодон скриншот.

Казакстандагы наарызылыктар жана ЖККУнун аскерлерин киргизүү

Казакстандагы нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарынан башталган. Ал жакта тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Натыйжада 5-январга караган түнү Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Бирок нааразычылыктар токтобой, айрым шаарларда коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кагылышуулар болгон. Эң оор акыбал Алматыда болгон, кагылышуулар талап-тоноочулуук менен коштолгон.

Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.

6-январга караган түрү Армениянын премьер-министри жана ЖККУнун төрагасы Никол Пашинян уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирген.

Кийинчерээк аскерлерди киргизүү чечими өлкө парламенттеринде колдоо тапкан. Кыргызстан коңшу өлкөгө 150 адамдан турган өздүк курамды, 8 бронетехника жана 11 автоунаа жөнөткөн.

Кыргызстандын Коргоо министринин маалыматына ылайык, аскер кызматкерлери Алматы шаарындагы ЖЭБ-2 стратегиялык объектисин кайтарып жатышат.

Дагы окуңуз: Токаев: Казакстанга террордук кол салууга Борбор Азиялык согушкерлер катышкан