«10 күндөн бери суу жок». Таш-Дөбө айылынын тургундары бош чака көтөрүп митингге чыкты

21-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылынын тургундары митингге чыкты. Айылдагы таза суу көйгөйүн чечүүнү талап кылган ондогон киши бош чака көтөрүп жол боюна тизилди.

Митингдин катышуучулары «аптаптуу ысыкта айылда он күндөн ашык суу жок болуп жатканын» белгилеп, бийлик өкүлдөрүнөн көйгөйдү чечүүнү талап кылышты.

Айрым тургундар айылда калктын саны жылдан жылга көбөйүп, таза суу жетпей жатканын белгилешти. Алардын айтымында, суу түтүктөрү оңдоп-түзөөгө муктаж.

Ошондой эле жашоочулар бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү өкмөт көйгөйдүү чечүүнү убадалап, бирок көп жылдан бери аткарбай жатканын сынга алышты.

Митингге чыккандар айылга суу берилмейинче жол жээгине бош чакаларды көтөрүп чыгууну токтотпой турганын кошумчалашты.

Кыргызстандагы таза суу көйгөйү

Каркол шаары. Найзабек Мукамбетов/Kloop

Кыргызстандагы айыл-кыштактардын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири — ичүүчү суунун жоктугу. Жада калса таза суу тартылган айрым айыл же шаарларда тургундар бозомтук суу ичүүгө аргасыз.

Өлкөдөгү 300гө жакын айылда таза суу такыр жок, дагы 600 айылда суу түтүктөрү тез арада оңдоп-түзөөгө муктаж. Эл аралык уюмдар таза суу менен камсыз кылуу багытындагы программаларга көп акча бөлөт: 2026-жылга чейин дээрлик жарым миллиард доллар бөлүнгөн. Бирок соңку эки жылда, болгону 123 айыл таза суу менен камсыз болгон.

Тема боюнча:

Айылда таза суу жок же түтүктөн ылай аралаш агабы? Же күн алыс сууну өчүрүшөбү? Өз окуяңыз менен бөлүшүңүз!

«Таза суунун мекенинде». Каракол шаарынын тургундары бозомтук суу ичүүгө аргасыз