Борбор Азия өлкөлөрүнүн жалпы аймактык телеканалын түзүү сунушталды

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Борбордук Азия өлкөлөрүнүн саммитинде жалпы аймактык телеканал түзүүнү сунушташты.

Касым-Жомарт Токаев Борбордук Азия өлкөлөрү «маалымат айдыңындагы бүткүл аймакка зыянын тийгизиши мүмкүн болгон негативдүү көрүнүштөрдү эскертүү үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтсө жакшы болмок» деп белгиледи.

«Мамлекеттер жана этностор аралык кастыкты козутуу жолу менен биздин мамилелерди бузуу жана калкты бөлүп-жаруу аракеттерине биргеликте каршы турушубуз керек. Тилекке каршы, биздин ЖМКларда аймактагы башка өлкөлөрдүн жашоосун чагылдырууда дагы деле маалыматтык ачкалык бар. Бул тенденцияны жоюу керек, балким, жалпы аймактык телеканал же жаңылыктар сайтын ачса болот», — деди ал.

Токаев бул демилгени толуктап иштеп чыгуу үчүн «Борбор Азия өлкөлөрүнүн маалымат агенттиктери жана профилдик мекемелеринин жетекчилери үзгүлтүксүз түрдө жолугушууларды өткөрүп турса пайдалуу болорун» кошумчалады.

Ал эми президент Садыр Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн «руханий жакындыгын» эске алганда жалпы Борбордук-Азия телеканалын ачуу зарылдыгын белгиледи.

«Бул аймакта жашаган элдердин достугу жана биримдиги тууралуу маалымат берүүчү теледолбоорлордун сериясын, билим берүү тармагындагы бир катар теледолбоорлорду, биздин элдерибиздин тарыхы жана өзгөчөлүгү жөнүндөгү телерадио берүүлөрдү даярдоону сунуштайбыз», — деди ал.

Өз кезегинде Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери интернет жана социалдык түйүндөрдү «аймактагы абалдын туруктуулугуна коркунуч жаратат» деп аташты.

Шавкат Мирзиёев аймакта «интернеттеги мыйзамсыз ишмердүүлүккө байланыштуу жаңы чакырыктар турганын» белгиледи. Анын пикиринде, бул чакырыктардын масштабы өсүүдө.

«Тилекке каршы, жакында эле Өзбекстанда болгон окуялар биздин планды бузуп, биздин аймакта туруксуздук жана башаламандык орнотууну каалаган күчтөр бар экенин көрсөттү. Буга байланыштуу аймактагы өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин ортосунда ушул багыттар боюнча үзгүлтүксүз консультацияларын өткөрүп турууну жолго коюуну колдойбуз», — деди ал.

Эмомали Рахмон аймактагы өлкөлөрдө ушул жылы өткөн нааразычылык акциялары «түрдүү күчтөр туруктуулуктуу бузууну пландоону улантып жатканына күбөлүк берет» деди.

Анын айтымында, бул окуялар «белгилүү күчтөр, анын ичинде соцтүйүндөр аркылуу жарандарды түрдүү акцияларга тартуу аракеттерин көрүп жатышканын көрсөттү».

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн саммити Чолпон-Ата шаарында, 21-июлда өттү. Ага аймактагы беш өлкөнүн президенттери катышты.

Борбордук Азия чөлкөмүндөгү ЖМКнын эркиндиги

Борбордук Азия өлкөлөрүндө ЖМКлар бийлик тарабынан басымга алынат. Маалымат эркиндигин коргоочу «Чек арасыз репортёрлор» («Репортеры без границ») эл аралык уюмунун рейтингине ылайык, Кыргызстан «басма сөз эркиндиги» боюнча дүйнөлүк рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 72 орунда турат.

Казакстан бул рейтингде 122-орунду ээлесе, Өзбекстан — 133, Тажикстан — 152, ал эми Түркмөнстан 177-сапта.