42 градуска чейинки ысык: Оштун бир нече айылында таза суу жок

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бир нече айылында 10 күндөн бери таза суу жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга таянып «Турмуш» басылмасы жазды.

Тургундар күн катуу ысып жатканда таза суунун жоктугу аларды түйшөлтүп жатканын айтып даттанышкан.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Зарлык Турганбаев «Клоопко» айылдарга бир нече күндөн бери таза суу берилбей жатканын тастыктады.

Анын айтымында, айылдарга суу «Ош шаар суу канал» ишканасы тарабынан берилет. Бирок жай мезгилинде шаардын өзүндө «суу тартыш болгондуктан» таза суу берүү токтотулган.

«Учурда Ишкаван, Кызыл-Кыштак жана Жаңы-Турмуш айылдарына графиктин негизинде водовоз менен суу жеткирип берип жатабыз. Ал эми башка айылдарга суу түн ичинде берилип жатат, алар өздөрүнүн кудуктарына толтуруп алышат», — дейт ал.

Тургунбаев таза суу маселесин чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 6,5 млн сом бөлүнгөнүн кошумчалады. Анын айтымында, учурда жер астынан суу чыгаруу боюнча иш жүрүп жатат. Мындан сырткары иштебей калган үч суу алуучу скважина оңдолууда.

ӨКМ 20-июлдан 25-июлга чейин аба ырайы ысык болорун эскертип жатат. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында абанын температурасы +42 градуска чейин жетээри айтылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айылда таза суу жок же түтүктөн ылай аралаш агабы? Же күн алыс сууну өчүрүшөбү? Өз окуяңыз менен бөлүшүңүз!