Бейшеналиевдин медициналык окуу жайлардын лицензиясын чакыртып алган буйругу жокко чыкты

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү бир катар медициналык окуу жайлардын лицензиясын чакыртып алуу процессин убактылуу токтотту. Бул тууралуу 25-июлда маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда саламаттык сактоо министри кызматынан четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин чечимдеринин аудити ишин улантууда. Бейшеналиевге июндун башында 7 кылмыш иши козголгон. Учурда ал үй камагында.

«[Бейшеналиев министр кызматында] бир жыл сегиз ай иштеди. Түрдүү мүнөздөгү, анын ичинде саясий дагы чечимдер болду. Бирок биз мыйзамдын алкагында аракеттенишибиз керек. Бул ар бир мамлекеттик кызматкердин биринчи кезектеги принциби. Мыйзамга каршы келген чечимдерди биз өз ордуна алып келдик. Бул [медициналык окуу жайлардын] лицензияларга тиешелүү, анткени бизде андай укук жок. [Саламаттык сактоо министрлигинин] лицензия берүү же кайтарып алуу сыяктуу башкаруучулук ыйгарым укуктары жок. Ага карабастан лицензияларды алып коюу боюнча [министрдин] буйрук болгон. Өз кезегинде Билим берүү министрлиги каршылыгын ЖМК аркылуу оозеки билдирген, бирок жазуу түрүндө болгон эмес. Бирок биз [лицензияларды чакыртып алуу тууралуу] буйрукту жокко чыгардык, чакыртып алдык», — деди Касымбеков.

Ал Саламаттык сактоо министрлигинин №6 формасын да чакыртып алуу укугу жоктугун кошумчалады. №6 формасы — бул билим берүүчүлүк ишмердикти лицензиялоодо зарыл болгон документ. Бул форма Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилет. Ал окуу жайдын клиникалык базасы жана медициналык багыттагы жабдуулары бар дегенди түшүндүрөт.

«Азыр жоопкерчиликти өз мойнума алып жарыялап кетейин, бул формасы бар университеттер ишенимдүү түрдө [абитуриенттерди] ала беришсе болот. Алар Саламаттык сактоо министрлигин жемелебей эле коюшсун. 2022-2023-окуу жылына карата пландаган сандагы абитуриенттерди кабыл алыша беришсин», — деди Касымбеков.

Бирок Касымбеков учурда медициналык ЖОЖдор менен коллеждердин лицензиялык талаптарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн мекемелер аралык комиссия иштеп жатканын белгиледи. Ал бардык талаптар жазыларын, эгер медициналык окуу жайлар ал талаптарга жооп бербесе, анда лицензиялары чакыртып алынат.

Лицензияларды чакыртып алуу

Буга чейин февралда Бейшеналиев 17 жеке менчик медициналык окуу жайды жаба турганын айткан. Анын айтымында, учурда мындай медициналык окуу жайларда билим берүү «бизнеске айланып калган», мындан улам окутуунун сапаты «начарлап» жатат.

Анда Саламаттык сактоо министрлиги 12 жеке менчик медициналык окуу жай №6 формасынан ажырарын билдирип, кийин алардын саны 9га кыскарган. Эки университет №6 формасын албагына белгилүү болгон.

Төмөнкүлөр лицензиясынан ажыратылмак болчу:

  • Ош Эл аралык медициналык университети.
  • Кыргыз медициналык стоматологиялык институту;
  • «Роэль Метрополитен Университет»;
  • ВПО окуу жайы – «Авиценна» Эл аралык медициналык институту;
  • ЖЧК «АВС» Академия;
  • «Бишкек эл аралык медициналык институту» мекемеси;
  • Илим жана бизнес эл аралык университети
  • АДАМ Университети (БФЭА);
  • Илим жана бизнес эл аралык университети