Сот Алымкадыр Бейшеналиевди үй камагына чыгарды

Сүрөт: Атай Бейшеналиев

Бишкек шаардык соту кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сот чечимди 16-июнда чыгарган.

Бейшеналиевдин кармалышы

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Бейшеналиев коррупцияга жана COVID-19га каршы күрөшүү үчүн вакцина сатып алууда мамлекеттик бюджетке 1,5 млрд сом зыян тийгизген деп шектелип жатат.

Кийин 4-июнда президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетип, Жаркынбек Касымбековду министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындаган.

Муну менен катар президент Курманкул Зулушевди дагы тергөө маалында башкы прокурордук кызматтан убактылуу бошоткон. Жапаровдун администрациясынан Зулушевдин кызматтан четтетилишин башкы прокуратур менен саламаттык сактоо министринин жеке мамилелерин эске алуу менен кабыл алганын түшүндүрүшкөн.

Бейшеналиев УКМКнын тергөө изоляторунда кармалып турганда ден соолугуна даттанган.