Бейшеналиев 17 медициналык окуу жай жабыларын айтты. Бирок ССМдин андай укугу жок

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда окутуучулары жана клиникалык базасы талапка жооп бербеген медициналык багыттагы 17 менчик жогорку окуу жай жана факультет жабыларын билдирди.

Министр «Азаттык» үналгысына курган маегинде ар бир окуу жайды өзү текшерип чыкканын белгилеп, алардын кожоюндарынын арасында «олигархтар», депутаттар жана мурдагы премьер-министрлер бар экенин белгиледи.

«Азыр бул бизнеске айланып, колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып алышты. Ал жердеакча көп. Бирок сапаты абдан начар болуп калды. Бизди 10-15 жылдан кийин ким дарылайт, ошону ойлонушубуз керек. Окубай эле “зачет” алып, эптеп-септеп бүткөн дарыгерлер кийин биздин генофондго абдан зыян келтирет», — деди Бейшеналиев.

Алымкадыр Бейшеналиев.

Бейшеналиев Кыргызстанда медициналык билим берүүчү үч мамлекеттик жогорку окуу жай бар экенин айтты. Алар – Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Ош мамлекеттик университети менен Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медицина факультеттери.

Министрдин айтымында, мамлекеттик окуу жайдан тышкары медициналык билим берүү багытында иштеген 21 менчик окуу жайы бар. Бейшеналиев айрым менчик окуу жайларда тийиштүү шарт бар экенин белгилеп, алар жабылбай турганын кошумчалады.

Ошондой эле, жабыла турган окуу жайлардын студенттери сертификациядан өткөн окуу жайларда билим алуусун уланта алат деп белгиледи.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова учурда иштер жүрүп жатканын, азырынча кайсы окуу жайлар жабыла турганын айта албасын билдирди. Ошондой эле ал бардык иштер Билим берүү жана илим министрилиги менен биргеликте жургүзүлүп жатканын айтып, кийин маалымат берүүнү убадалады.

Билим берүү министрлиги эмне дейт?

Билим берүү министрлигинин лицензия жана аккредитация башкармалыгынын башчысы Шербек Султанбеков «Клоопко» саламаттык сактоо министрлиги окуу жайларды жабууга укугу жок экенин билдирди.

Ошондой эле ал Бейшеналиев өлкөдөгү медициналык окуу жайлардын санын ката айтканын белгиледи — негизи өлкөдө 23 медициналык жогорку окуу жай болсо, анын алтоо мамлекетке караштуу.

Султанбеков билим берүүчү мекемелерге лицензияны Билим берүү министрлиги гана берерин белгиледи.

«Мекеме лицензиянын талаптарын үч ирет бузса, [лицензияны] жокко чыгаруу маселесин кароо үчүн [сотко] доо арыз берилет. Мыйзам аларды жөн эле жабууга жол бербейт», — деп белгиледи ал.

Султанбековдун айтымында, билим берүү мекемеси ишин токтоткондо жана соттун чечими менен гана окуу жайлардын лицензиясы жокко чыгарылат.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке медициналык окуу жайларды жабуу боюнча Билим берүү министрлигине кайрылбаганын кошумчалады.

Өткөн жылдын ноябрь айында министрлер кабинети “медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында” жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берүүнү токтоткон. Мораторий 2023-жылдын 1-январына чейин киргизилген.