Фототузак кыргыз тоолорунда сейрек кездешкен жапайы жаныбарларды тартты

Германиянын жаратылышты коргоо багытында иш алып барган «NABU-Кыргызстан» уюму фототузакка түшкөн жапайы тоо жаныбарларынын сүрөттөрүн жарыялады.

Камерага ак илбирс, тоо теке, карышкыр, сүлөөсүн, түлкү, кашкулак, суусар, кызыл суусар, бүркүт, көк жору, таз жору, гималай улары, кекилик, коён чычкан, арс чычкан, коён, күлүк кескек жана башка жапайы жаныбарлар түшүп калган.

Уюмдун кызматкерлери Кичи-Алай тоо кыркасынын аймагына, Кичи-Алай тоосунун түндүк капталына,Фергана кыркасынын түштүк- чыгыш тарабына, Тескей Ала-Тоо жана Ички жана Борбордук Тянь-Шандын бийик тоолуу жерлерине 82 фототузак орнотушкан.

«Азыр 66 фототузак тартылган кадрларды анализдөө жана идентификациялоо жумуштары жүргүзүлүп жатат. Алардын саны 2 миңден ашат. Азыркы тапта адистер фототузакка түшкөн сүрөттөрдүн фаунанын 16дан ашык түрүн санап чыгышкан. Калган 16 фототузакдагы кардларды алуу үчүн келээрки айда дагы бир экспедиция пландалууда», — деп билдиришти уюмдан.

Ак илбирс

Ак илбирс — кызыл китепке кирген жаныбар. Алардын популяциясына жеген тамагы таасир этет, алар аркар жана башка тоо жандыктарына ууга чыгышат. Аркарлардын башы азайган сайын ак илбирс башка аймакка кетет же өлөт.

Жылына мамлекет аркар атууга 70 лицензия бөлөт. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин маалыматына караганда, аркар атууга бөлүнгөн 70 лицензиянын баары сатылат.

Парламентте сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга мораторий жарыялоо демилгеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Депутаттар 2017 жана 2019-жылдары «Аңчылыкка тыюу салуу жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган — экөөндө тең демилге колдоо тапкан эмес.

Экологдор бул чечимди сындап, Кыргызстан «жаратылышка зөөкүрдүк мамиле кылып жатканын», себеби адамдар курсак тойгузуу үчүн эмес, спорттук кызыкчылыкты көздөп аңчылыкка чыгышууда деп билдиришкен.

«Зоок үчүн аңчылык жаратылышка өтө терс таасир тийгизет. Ал айбанаттардын генофондун бузат. Анткени мактаныч үчүн эң ири, эң кооз, мыкты тукум алып жүрүүчү айбанаттар атылат», — деген ал учурда Дмитрий Ветошкин.

2022-жылы мартта ошол эле мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган.

Документке ылайык, демилге жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана сактоо максатында коомдук бирикмелер жана активисттердин Жогорку Кеңешке кайрылуусунун негизинде иштелип чыккан.

Материалдын автору Кайрат Бердишалиев.