Экономика министрлиги: Казино ачууга лицензиянын баасы 10 млндон 84 млн сомго чейин болот

Экономика жана коммерция министрлиги Министрлер кабинетинин «Оюн-зоок ишине лицензия берүү үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө» токтомунун долбоорун иштеп чыкты. Документ 27-июлда коомдук талкууга коюлган.

Ага ылайык, казино, онлайн казино жана электрондук (виртуалдык) казино үчүн Бишкек жана Ошто лиценциянын баасы 84 млн сомду түзөт. Ал эми ушундай эле казинолор үчүн Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында лиценцияны 42 млн сомго алууга болот. Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустары үчүн — 25,2 млн сом.

Оюн автоматтарынын залдары үчүн лиценция алуунун баасы республика боюнча 42 млн сом, ал эми букмердик контора жана тотализаторлор үчүн — 10,5 млн сом болот.Ошол эле учурда оюн-зоок ишмердигин жоопкерчилик чектелген коом же жабык акционердик коом катары юридикалык жактар гана алып бара алат.

Документтин маалымкат-негиздемесинде казинонун ишмердүүлүгүнөн өлкөнүн бюджетине салыктык кирешелер түрүндө гана эмес, лицензия берүүдөн дагы кошумча киреше түшөрү, бул «өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн андан ары кеңейтери» айтылат.

Ал жактан аталган долбоорду кабыл алуу кандайдыр-бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт деп ишендиришти.

Ошондой эле маалымкат-негиздемеде жумушчу топтун мүчөлөрү оюн-зоок бизнесинин өкүлдөрү 10 млн сомдон 30 млн сомго чейин оюн-зоок ишине лицензия сатып алууга даяр экенин айтышканы маалымдалат.

Кумарканаларды ачуу

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Бийлик кол коюлган мыйзамдын максаты «инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү» болуп саналарын айткан.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары кумаркананын кардары боло албайт. Мыйзамга каршы тараптар буга ишене бербейт, себеби алар бийлик аталган талаптын аткарылышын камсыздай албайт деп эсептешет.

Ошондой эле буга чейин, мыйзам долбооруна «онлайн-казино» жана «виртуалдык-электрондук казино» түшүнүгү киргизилгени белгилүү болгон. Минкаб мыйзам кабыл алынгандан кийин бул тармакты жөнгө салуучу тиешелүү укуктук ченемдерди иштеп чыгууну убадалаган. Депутат Дастан Бекешев бул тууралуу кооптуу жагдайлар бар экенин айтып, онлайн-казинону көзөмөлдөө мүмкүн эместигин белгилеген.

Материалдын автору Жаркынай Жээналиева.