«Президент, казино мыйзамына вето койсун». Ошто активисттер казиного каршы кезектеги акцияга чыгышты

Сүрөт: Жарандык активист Алманбет Абылкасым уулу

24-июнда Ош шаарынын борбордук аянтында жарандык активисттер казиного вето коюу талабы менен митингге чыгышты. Ага 20га жакын адам катышты.

Митингди Алманбет Абылкасым уулу баштаган калаанын активисттери уюштурду. Акцияга чыккандар өлкө боюнча казинолорду ачпоону талап кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, кыргыз элинин атынан, казиного каршы болгон калктын атынан сизге өтүнүч, казинону ачуу боюнча мыйзам долбооруна вето коюңуз!» — деди Абылкасым уулу.

Ошондой эле активист Мунар Иса казино ачыла турган болсо, бийлик катуу көзөмөлгө ала албай калышы мүмкүн дейт.

«Көмүскөдө иштеп жаткан казинолор азыр деле көп экен. Учурда аларды көзөмөлдөй албай жатат. Анан дагы ачылса, кантип көзөмөлдөйт? Мен түшүнбөй жатам. Анткени көпчүлүк жарандардын эки жарандыгы бар. Алар башка жарандыгы менен кире бериши мүмкүн. Биз бюджетти толтурабыз дей турган болсок, абдан көп жолдор бар», — деди ал.

Тынчтык акциясына чогулгандар «Президент, казино мыйзамына вето койсун!», «Кыргызстан казиного каршы!» деп кыйкырышты.

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ага чейин казино ачылса мамлекеттик бюджет 2 миллиард сомго чейин толукталышын айткан.

Ал мыйзамга ылайык, козинолорго чет өлкөнүн жарандары гана кире аларын эскерткен. Эгер тескерисинче болсо, казинонун жабдуулары конфискацияланып, лицензиясы алынарын белгилеген.

Андан тышкары Жапаров казинолорго кирген жарандарга көзөмөл кылуу үчүн кире беришке биометрикалык көзөмөл орнотуу пландалып жатканын билдирген.

Мыйзам долбоору добушка бешинчи ирет добушка коюлгандан кийин гана экинчи жана үчүнчү окуудан өттү. Анда жалпы 72 депутат каттышып, макул 58, анын 9у каршы деген добушту беришкен. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын депутаттары гана добуш берүүгө катышышкан эмес.

Кыргызстанда казинолорду ачуу

2021-жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстанда казино ачууну демилгелеген. Ал эми минкаб төрагасы Акылбек Жапаров аталган сунушту колдогон.

2021-жылдын 27-апрелинде президент казинолорду өлкөнүн бардык аймактарында ачуу идеясын сунуштаган. Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеп, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1-1,5 млн долларга лицензия сатат деп ишендирген.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан.

Долбоорго ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контора жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштырууну көздөйт.

Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштаган.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын жарандары менен ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо электер кумарканалардын кардары боло албайт.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүп жатканын айтып берген.

20-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети казинону мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун жактырган.

Казинолордун ачылышына каршы чыккан депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору парламенттеги экинчи окууда каралып, кабыл алынганын айткан. Документти кабыл алуу процесси жабык эшик артында өткөн.