Кыргызстанда эми казино ачса болот — президент мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койду. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Президенттин басма сөз кызматынан белгилешкендей, мыйзамдын максаты «инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү» болуп саналат.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары, ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо элек чет элдиктер кумаркананын кардары боло албайт.

Ошондой эле, оюн-зоок ишмердүүлүгүн жүргүзгөн юридикалык тараптар лицензияны он жылдык мөөнөткө алат. Буга чейин лицензиянын баасы 1-1,5 млн долларды түзөт деп айтылган. Лицензияны минкаб берет.

Оюн жайлары бала бакча, мектеп, ЖОЖ жана башка билим берүү жайларында, медициналык мекемелерде жана маданий мекемелердин, турак үйлөрдүн ичинде жайгаштырылбайт.

Президент ошондой эле Салык кодексине толуктоолорду киргизди. Ага ылайык, бир оюн ойнолуучу үстөлү үчүн салыктын өлчөмү 2022-жылы – 750 миң сомду түзөт, 2023-жылы – 1 млн сомго жогорулайт, ал эми 2024-жылдан тартып – 1 млн 250 миң сомду түзөт. Оюн үстөлү үчүн акы ай сайын төлөнөт.

Ошондой эле буга чейин, мыйзам долбооруна «онлайн-казино» жана «виртуалдык-электрондук казино» түшүнүгү киргизилгени белгилүү болгон. Минкаб мыйзам кабыл алынгандан кийин бул тармакты жөнгө салуучу тиешелүү укуктук ченемдерди иштеп чыгууну убадалаган. Депутат Дастан Бекешев бул тууралуу кооптуу жагдайлар бар экенин айтып, онлайн-казинону көзөмөлдөө мүмкүн эместигин белгилеген.

Казино боюнча талаш-тартыш

Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылдын 1-январында тыюу салынган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, ошол кездеги депутат Бакытбек Жетигенов казинолордун жана оюн автоматтары кумар оюндарына жакын адамдардын моралдык жана психикалык абалына «терс» таасирин тийгизип жатканын белгилеген.

Демилгени ошол кездеги Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да колдоп, казино ишмердүүлүгү коомго «кыйратуучу» таасир тийгизип жатканын билдирген. Бирок ошол эле чурда, оюн жайлар толук жабылган күндө деле «маселенин тамыры терең экени» жана «бизнес көмүскө болуп, токтобой турганын» белгилеген.

Казино ээлеринин 2011-жылы парламент алдындагы митинги. Сүрөт: Kloop.

2015-жылы тотализаторлордун жана букмекердик конторалардын ишмердигине да тыюу салынган.

2022-жылдын 22-июнунда Жогорку Кеңештин депутаттары казино, тотализатор жана букмекердик конторанын жана оюн автоматтарынын ишмердигин кайрадан өлкө боюнча мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришкен.

Минкаб мындай демилге өлкө бюджетине түшкөн каражатты көбөйтөт, ал эми каражат социалдык маселелерди чечкенге жумшалат деп ишендирген. Минкаб төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, быйыл казино ишмердигинен 1-2 млрд сомго чейин каражат табуу пландалууда.

«Кытайдын карызын төлөш керек. Өлкө боюнча 245 мектеп жараксыз абалда турат. Аны куруш керек. Жетпей жатпайбы. Депутаттардын эле кайрылууларын карай турган болсок, кеминде 80 миллиард сом акча керек. Ошондуктан депутаттардын тапшырмасы, президенттин тапшырмасы менен болгон булактарды издеп жатабыз. Контрабанда менен күрөшүп жатабыз. Жакшы көрүнөбүз десек, мен деле отура бермекмин», — деген Жапаров парламенттин 22-июндагы жыйынында.

Бирок минкабдын аргументтери 22-июнда депутаттардын баарын ынандыра алган жок. Алар бийлик казиного чет өлкөлүктөрдү гана киргизүүнү камсыз кыла алышпай деп белгилешкен.

Парламенттин регламентине ылайык, каттоодон өткөн бардык депутаттар мыйзам долбооруна добуш берүүгө тийиш. Бирок «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциянын лидери Адахан Мадумаров башында турган бир нече депутат «макул» же «каршы» деп добуш беришкен эмес.

Жыйынтыгында добуш берүү төрт жолу үзгүлтүккө учураган. Бир канча сааттык талкуудан кийин мыйзам долбоорун төрага Талант Мамытов кайрадан добуш берүүгө койгон. Бешинчи жолку аракеттен кийин гана демилгени 59 депутат колдоп, 9 киши каршы чыккан. Дагы 6 депутат добуш берген эмес. Андан соң гана төрага Конституцияда көпчүлүк добуш берүү менен кабыл алынат деген нормага токтолуп, мыйзам долбоору кабыл алынганын жарыялаган.

Бирок мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кабыл алынгандан кийин Бишкек, Ош жана Балыкчы шаарында казионун мыйзамдаштырууга каршы митинг өткөн. Митингге чыккандар президенттен мыйзам долбооруна вето коюсун өтүнүшкөн.

Ак үйдүн алдындагы казионого каршы митинг. Сүрөт: «Азаттык».

Анткен менен Жапаров 25- июнда «Кабар» маалыматтык агенттигине интервью берип, казинону мыйзамдаштыруу мыйзам долбоорун колдоп берген депутаттарга ыраазычылык билдирип, казинодон «казынага миллиарддаган салык түшөт» деп белгилеген.

«Ошол каражаттар менен айылдарыбыздын жолдоруна чейин оңдойлу, тышкы карызыбыздан кутулалы. Элибиздин жашоо-шартын оңдоп алалы. Эми казинодон түшкөн акча каражаттары менен калган баардык министрликтердин эмгек акыларын дагы жогорку деңгээлге көтөрөбүз. Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын бир айдан экинчи айга үй-бүлөлөрүн бакканга кенен жеткидей деңгээлге чыгарышыбыз керек. Ошондо гана коррупция токтойт», — деген Жапаров.

Мындан тышкары, президент бийлик Кыргызстандын жарандары казиного киргизилбейт деп «кепилдик» берерин баса белгилеген.