Президенттин кеңешчиси жана мурда мамлекеттик идеология үчүн жооптуу болгон экс-мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев президенттик администрациянын бекер гезитине «эл кызматында 500 күн» деп аталган макаласын жазды. Гезитте Абыкеев Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы иши тууралуу жазган.
Макалада автор Садыр Жапаров президент болуп келгенден бери өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчөгөнүнө басым кылган.
«Жараткан Кудайым Садыр Жапаровду канча бир сыноолордон өткөзүп, беттегенинен кайтпаган өжөрлүгүн көрүп, Кыргызстанды чөгүп бараткан саздан сууруп чыгат деп ишенип, эл башына алып келди окшойт деп калам», — деп ой жүгүртөт президенттин учурдагы кеңешчиси.
Анын пикиринде, элдин коррупцияга аралашкан жакындарын «меникине тийбе» деп коргогон адаты бар. Абыкеев адамдар айыпталуучулар «элдин канын соруп байыганын» билип турса соттун алдына митингге чыгат деп эсептейт.
«Мындай акмакчылык кыргыздарда гана бар болсо керек. “Бийликтегилер адилеттүү болгула. Калыс болгула. Чындыктан тайбагыла!” деген талап коёбуз […] Жатындаш бир тууганым болсо да коррупционер болсо “Сенин коррупционер экениң чын. Эми жазаңды тарт” дей албайбыз. Мына ушундай кыргыздын мүнөзүн жакшы билип турса да Садыр Жапаров коррупция менен аёосуз күрөш баштады», — деп жазат Абыкеев.
Президенттин кеңешчисинин айтымында, «мамлекеттин, элдин ырыскысын митедей соруп чардагандар» жыргал жашоолорунан айрылышып, «бийликтин айыгышкан душманына айланышты».
«Садыр Жапаровдун жасап жаткан иштеринин бирин да көргүсү келишпейт. Кичине кынтык табышса ойду-тоону айтып, чымынды пилге айлантып жамандап чыгышууда. Жалган жалааларды ойлоп тапкандары да толо», — дейт мурдагы мамкатчы.
Абыкеев президент «беттегенин бербей, бардык тармактар боюнча реформаны баштап жатканын» белгиледи.
«Реформанын дөңгөлөгү улам айланган сайын “чыңыргандар” чыгууда. Бир, эки мисал. Саламаттыкты сактоо министрлигинде али реформа баштала электе, жөн гана кадрдык тазалоону баштап, уюкташып алган коррупциялык системаларга кичине тийишкенде эле эмнелер болуп кетти? Мектеп директорлору алмашат дегенге кандай чуу чыгууда. Этиңер туз сепкендей ачышат», — деп жазды ал.
Абыкеев ийгиликке жеткен өлкөлөр катары Сингапур, Жапония жана Түштүк Кореяны мисал келтирди. Ал бул өлкөлөрдө коррупция менен күрөшүү камакка алуу, атуу жана «тумшугун талкалоолор» менен коштолгонун айтат.
«Аталган өлкөлөрдө да реформанын жүрүшүндө жаңылуулар, туура эмес кадамдар жасалып, кайра оңдоолор болгон. Башкысы түпкү максат мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, коррупцияны жоготуу, мыйзамды сыйлаган, туу туткан, кыйшаюусуз сактаган укуктук мамлекет куруу болгондуктан акыры ошого жетишишкен. Бүгүнкү президент Садыр Жапаров баштаган жаңы Кыргызстанды куруу жолу — оор жол. Бирок оор экен деп — артка чегинбей аягына чыгаруучу жалгыз туура жол. Оңой, жыргал жашоого жетишүү жомокто гана болот», — деп жазат ал.
Бул эмне гезит?
Садыр Жапаровдун 500 күндүк иши тууралуу отчёту жазылган гезиттин атайын саны 27-июлдачыккан. Ал 500 миң нускада (400 миңи кыргызча жана 100 миңи орус тилинде) басылып чыккан.
Президенттик администрациядан «Кыргыз почтасы» кызматкерлери гезитти биринчи кезекте аймактагы үйлөргө таратып жатканын билдиришти. Ошондой эле аны почта бөлүмдөрүнөн алса болот.
Материал жарык көрөр алдында Жапаровдун администрациясынан «Клоопко» 500 миң нускалуу гезит кайсы каражатка басып чыгарылган айтышкан жок. Ал жактан гезит эмне максатта чыгарылганын дагы түшүндүрүшкөн жок.
Жапаровдун коррупцияга каршы күрөшү?
Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин коррупцияга каршы күрөштүн жаңы, «кустуруу» деген ыкмасын жарыялаган. Ал коррупцияга шектелип же айыпталып жаткан аткминерлердин өз ыктыяры менен мамлекеттин пайдасына кайыр-садагы кылуусу.
Коррупцияга каршы күрөшүү жана аткаминерлерди кармоо ишин Жапаровдун жакын досу Камчыбек Ташиев башкарган УКМК алып барып жатат.
УКМКнын башчысы ведомство коррупция каршы жигердүү күрөш жүргүзөрүн бир нече жолу айткан. Анткен менен чиновниктердин чуулуу кармоолору көп учурда коррупцияга айыпталгандар УКМК аныктап берген зыяндын суммасын төлөп берүү менен аяктачу. Эгер чиновниктер тергөө менен кызматташууга барса, анда алар үй камагына бошотулчу.
Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат биринчи УКМКнын депозиттик эсебине түшөт, андан кийин Финансы министрлигин эсебине которулат, андан соң кайра бюджеттин чыгаша беренелери боюнча бөлүштүрүлөт. Каражат Президенттин фондуна дагы багытталышы мүмкүн.
Бирок «кустуруудан» түшүп аткан акчаны бийлик кай жактарга жумшап атканы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Укук коргоочулар каражаттар айчык-айкын сарпталбай жатканын айтышууда, ал эми президент кеңири маалымат үчүн ар бир адам Каржы министрлигине же УКМКга кайрылса болорун белгилеген.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен парламенттин экс-депутаты Кубанычбек Жумалиевдин кармалганы эн эле коомдук талкуу жараткан окуя болгон.
Матраимов бажыдагы коррупция иши боюнча мамлекетке 2 млрд сом зыян төгүп берип, андан соң сот аны күнөөлүү деп таап болгону 260 миң сом айыпка жыгып, бошотуп жиберген.
2021-жылы 12-апрелде УКМК Жумалиев мамлекеттин пайдасына жалпы суммасы 1 млрд сомду түзгөн коммерциялык активдери менен кыймылсыз мүлктөрүн өткөрүп бергенин билдирген. Андан кийин «ден соолугун жана жаш курагын эске алып», экс-депутаттын баш коргоо чарасы эч кайда кетпөө тилкатына өзгөртүлгөн.
«Эл кызматында 500 күн» гезитинде Жапаровдун тушунда «ачылган коррупциялык схемалар боюнча мамлекеттин кирешесине 8 млрд сомдон ашык каражат жана ар кандай мүлктөр кайтарылды» деп айтылат.
«Жогорку кызматтагы аткаминерлер, сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү камакка алынды, жоопкерчиликке тартылды. Коррупцияга каршы күрөш улантылууда. Карапайым калктын казынасынан уурдагандар — он эселеп кайтарып жатат», — делет гезитте.
«Кустуруу» саясатын буга чейин укук коргоочулар сындап келишкен. Алар мындай аракеттерди «кадимки эле опузалоо жана шантаж» деп аташкан. Алар «кустуруунун» ачык-айкындуулугу дагы кошумча суроолорду жаратарын белгилешкен.
Былтыр, сентябрь айында юрист Нурбек Токтакунов, Финансы министрлигинин жообуна таянып, «кустуруунун» каражаты таптакыр эле республикалык бюджетке түшпөгөнүн, дагы деле укук коргоо органдарынын депозиттик эсебинде калып жатканын билдирген.
УКМКдан аны четке кагып, кылмыш иштери боюнча акыркы процессуалдык чечимдер чыккандан кийин акчалар бюджетке которулуп атканын, ал эми конфискацияланган мүлктөр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына өткөрүлүп жатканын айтышкан.
Тема боюнча: «Карга карганын көзүн чукубайт». Аткаминерлер кылмыш жообунан кантип качып кутулат?
Абыкеев деген ким?
Чолпонбек Абыкеев жазуучу жана журналист катары белгилүү, бирок анын мамкызматта иштеген мол тажрыйбасы дагы бар.
Абыкеев 1956-жылы Нарын облусунда туулган. AKIpress’тин маалыматына ылайык, 1991-жылы «Аалам» гезитин негиздеп, ал жерде 2005-жылга чейин башкы редактор болуп иштеген.Андан кийин президенттик администрациянын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы болгон. 2009-жылы Мамлекетти каттоо кызматына караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин директору болуп дайындалган.Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Абыкеев жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин* жыйындарына катышкан.
*Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн көпчүлүк бөлүгү президент Садыр Жапаровдун түз же идеялык жактан тарапташтары болушкан. Алардын арасында Конституциянын (кабыл алынган) жаңы версиясынын авторлору, манас таануу, салттык жана руханий билимдер боюнча адистер болгон.
Кеңешменин курамында долбоорго ачык каршы чыккан бир да адам болгон эмес. Мындан тышкары,, легендарлуу парламенттин экс-спикери Абдыганы Эркебаев кеңешменин курамы адискөй эмес деп атаган, себеби ал жакта конституциялык укук боюнча юрист-адистер кыйла аз деп түшүндүргөн.
2021-жылдын 10-майында Абыкеев минкабдын төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси болуп дайындалган, ал эми ошол эле жылдын 2-июлунда мамлекеттик катчы болуп бекиген.
Ал эми 2021-жылдын 12-октябрында Чолпонбек Абыкеевдин ордуна мамкатчылык кызматка Сүйүнбек Касмамбетов келген. Ошол эле күнү Абыкеев президенттин кеңешчиси болуп дайындалган.