Ай сайын кыргыз ЖМКлары жогорку кызмат адамдары кармалганы тууралуу жазышат, кээде аларга сот оор жаза бергени айтылат. Бирок «Клооп» аныктоосу боюнча, көбүнесе чиновниктер жоопкерчиликтен качып кутулушат: сот жообунан чет өлкөгө качышат, бюджетке акча төгүп кутулушат, мунапыс менен бошонушат. Бирок баарынан да кызыгы, ар бир бешинчи аткаминер убакыттын өтүшү менен саясатка кайтып келет.
Экс-транспорт министри жана Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сулайманов 2012-жылы кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталган. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, чиновник жол куруу жумуштарына керектүү техника жана материалдарды сатып алуу үчүн жарыяланган тендерди туугандарына тиешелүү компанияга утууга шарт түзгөн, натыйжада мамлекеттик бюджетке 41 млн сом ($870 миң долларга жакын) зыян келтирген. Бирок Сулайманов жоопко тартылган эмес: ал дарылануу үчүн Германияга учуп кетип, ошол боюнча «жоголуп кеткен».
2016-жылы Нурлан Сулаймановдун иши кароо мөөнөттү өтүп кеткендиктен кыскартылган. Ал эми 2020-жылы октябрда ал «Кыргызстан» партиясынын катарында кайрадан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан.
«Клооп» жогорку кызматтагы чиновниктерди жоопко тартуу кандай тартипте жүргүзүлөөрүн билиш үчүн УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын 2015-жылдан 2020-жылга чейинки пресс-релиздерин чогултуп, алты жыл аралыгында бери дегенде 98 чиновникке кылмыш иши козголгонун аныктады. Алардын жарымынан көбү азыр эркиндикте. Ал эми жети аткаминер акталып чыккан.
Укук коргоо органдарынын пресс-релиздеринде аты аталган ар бир алтынчы чиновник кылмыш иши козголгондон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Алардын жарымына издөөдө жарыяланган.
Алсак, 2020-жылы 6-октябрга караган түнү, Бишкекте массалык нааразылыктар менен башаламандыктар учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган соттолгон бир топ чиновниктер, депутаттар абактан бошоп чыккан. Арасында азыркы президент Садыр Жапаров дагы бар болчу. Бирок Жапаров бийликти өз колуна алган соң, башкы прокуратура калган бардык аткаминерлерди абак жайларына кайтууга чакырган.
Бирок экс-премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов укук коргоо органдарынын талабына баш ийбей, өлкөдөн чыгып кетишкен. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы аларга эл аралык издөө жарыяланганын билдирген. Көп өтпөй Исаковдун фейсбуктагы расмий барагында мекендештерге кайрылуу чыккан, анда жүргөн жери катары — Москва, Кремль көрсөтүлгөн.
Качкындардын айрымдарына мекенинде оор айыптар тагылганы менен чет жерде жакшы эле отурукташып калат. Мисалы, Орусияга, Беларуска качкан Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев, Улуу Британияга качкан алардын жакындары.
Бозгун чиновниктер чет өлкөдө байманалуу жашашат
Тунгуч президент Аскар Акаев Кыргызстанды 15 жыл башкарган. Ал аралыкта Акаев ыйгарымдарын кеңейтип, Конституцияны беш жолу өзгөрткөн. 2000-жылы Акаев Конституция эки гана мөөнөттү шарттаганына карабай үчүнчү жолу президент болуп шайланган.
Акаевдин тушунда үй-бүлөсү саясатка активдүү кийлигишип турган. Жубайы Майрам Акаева «Кыргызстан аялдарынын партиясын» жана «Мээрим» кайрымдуулук фондун жетектеген. «Мээрим» фондуна каршы 2005-жылы акча каражаттарын мыйзамсыз которууларга байланыштуу кылмыш иши козголгон.
Акаевдин тушунда өлкөдөгү ири алтын кени Кумтөрдү иштетүү боюнча кыргыз-канада биргелешкен ишканасындагы мамлекеттин үлүшү 67ден 16%га кыскарган. 2021-жылы Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген коммисия Акаевдин үй-бүлөсү бул үчүн акчалай жана акция түрүндө ири пара алганын аныктаган. Акаев бул айыпты четке кагып, 2005-жылы бийликтен оодарылгандан кийин өкмөттүк комиссия түзүлүп, ал анын «байлыктарын» издеп таппай койгонун эске салган.
Эл Акаевдин дагы кандай күнөөсү бар деп эсептейт?
2002-жылы Акаев Үзөнгү-Кууш капчыгайындагы кыргыз жеринин бир бөлүгүн Кытайга өткөрүп берген. Парламент депутаты Азимбек Бекназаров президентке импичмент жарыялоону сунуштап, бирок өзү кармалган. Бекназаровдун жердештери эл өкүлүн бошотуу талабы менен митингге чыгышкан. Милиция демонстранттарга ок чыгарып, алты киши каза таап, отуздан ашууну жарадар болгон. Жарандарга карата бул ок атуу Кыргызстанда Аксы окуясы деп белгилүү.
2005-жылы экс-премьер-министр Курманбек Бакиев «Жоогазын революциясынын» башында туруп, Акаевди кулатып тактыга келген. Төңкөрүшкө кезектеги парламенттик шайлоо себеп болгон.
Анда Жогорку Кеңештеги орундардын көбү Акаевдин үй-бүлөсүнүн «Алга Кыргызстан» партиясына тийип, президенттин кызы менен баласы депутат болуп шайланган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгына каршы болуп, эл көчөгө чыгып, Ак үйдү басып алган. Акаевдер кланы алгач Казакстанга, андан ары Орусияга качууга мажбур болгон.
Алар качып чыккандан кийин өлкөдө Акаевдердин үй-бүлөсүнө каршы ондогон кылмыш иши козголгон. Мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү ондогон миллион доллар деп бааланат. Бозгун президенттин жакындары эл аралык издөөгө жарыяланган.
Аскар Акаев Москвада жашайт, Москва гуманитардык университеттинин профессору. 2020-жылы Акаевдин уулу Айдардын сөөгү 1 млн АКШ долларынан ашык акчага бааланган «Рублевкадагы» үйлөрдүн биринде табылган.
Акаевдин ордуна келген Курманбек Бакиев дагы 2010-жылы өлкөдөн чыга качкан. Ал дагы Акаев кетирген катачылыктарга жол берген: беш жылда Конституцияны төрт жолу өзгөртүп, бийликке үй-бүлөсүн алып келген.
Бакиевдин улуу баласы Марат УКМК төрагасынын орун басары болуп, оппозиционерлерди тыңшоого алган. Ал эми кенжеси Максим Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агентигинин (ЦАРИИ) директору болгон, бул ага ондогон мамлекеттик ишканаларды басып алууга мүмкүнчүлүк берген.
Бакиевдин тушунда өлкөдө 30 оппозиционер жана коомдук ишмер буйрутма менен өлтүрүлгөн. Бакиевдер үч кишини уурдап барып өзгөчө мыкаачылык менен көзүн тазалоо ишин уюштурганы далилденген.
2009-жылы Бакиев президенттик шайлоодо кайра жеңип, оппозиция анын жыйынтыгына каршы чыккан. 2010-жылдын апрелинде эл нааразылыкка чыккан. Бакиев элди атууга буйрук берген. 80ден ашык киши набыт болуп, 300дөн ашык киши жабыркаган. Натыйжада президент үй-бүлөөсү менен өлкөдөн качкан.
Мекенинде коррупция, жай тургундарды атуу жана буйрутма менен адам өлтүрүү үчүн 30 жылга соттолгон Курманбек Бакиев учурда Минсктин элиталуу «Лебяжий» кичи районунда жашап жатат. Ал эми анын коррупция жана кылмыштуу акчалардын изин жашыруу үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган уулу Максим качкын катары Улуу Британияда жашап жүрөт, ал жерде анын 5 млн долларлык «хан сарайы» бар.
Коррупция жана адам өлтүрүүнү уюштурганы үчүн 30 жылга соттолгон Бикиевдин дагы бир уулу Марат Минсктеги байманаптар жашаган Раубичи кыштагында турат.
2010-жылы Бакиевдерге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.
Тандалма мамиле: бөлүш же түрмөгө отур
Балдары ооруп калганда дарыкананы тоногон Замирбек Кожоканов беш жылга эркинен ажыратылган. Бажы кызматында өлкөдөн кеминде 700 млн долларды чыгарып кетүүгө жол ачкан коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн Раимбек Матраимовго 260 миң сом айып салынган.
Бул кыргыз судьяларынын жогорку мансаптагы аткаминер менен жөнөкөй жаранга карата чыгарган өкүмдөрү. Матраимов менен Кожокановду уурулукка барганы гана байланыштырат. Матраимов — кыргыз бажысынын төргасынын мурдагы орун басары, эсепсиз байлыктын ээси. Ал эми Кожоканов үч баланын атасы жана улгайган аялдын жалгыз уулу.
Райымбек Матраимов бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан 2017-жылы «ишенимден кеткендиктен» бошотулган. Бул «Азаттыктын» журналисттери чиновниктин бизнестерин — эки соода борбору менен спорт комплексин, ал эми үй-бүлөсүнүн Бишкек жана Оштогу батирлери менен хан сарайларын таап чыккандан кийин болгон.
Кийин чет өлкөдө — Дубай жана Лондондо — бажычынын туугандарына таандык дагы мүлктөр табылган. Матраимовдун уулу менен аялы соцтүйүндөрдө белгилүү бренддердин буюмдары менен мактанып, байманаптардын курортунан түшкөн сүрөттөрүн жарыялашкан. Журналисттер Матраимовдун аялынын Инстаграмда көрсөткөн кийимдери менен зер жасалгаларынын баасы 400 миң долларды, ал эми уулунун кол сааты 43 миң долларды чапчыйт деп баалашкан.
Мунун баары мамкызматкердин кирешесине туура келбейт эле: декларация боюнча ал жылына болгону 587 миң сом (8,5 миң долларга чукул) таап турган.
Экс-бажычынын эбегейсиз байлыгын ашкерелеген маалымат чыккандан кийин өлкө боюнча митингдер өтүп, коррупционерди мыйзам боюнча соттоо талаптары айтылган.
Матраимов акчаны кайдан алган?
Райымбек Матраимов бажыда 20 жыл иштеп, аны менен иштешкендерге салык жана бажы алымдарын төкпөй кутулууга жол ачкан коррупциялык империяны түптөгөн. OCCRP, «Азаттык» жана «Клооптун» биргелешкен иликтөөсү Матраимовдун кишилери уйгур тектүү Абдукадыр атту таасирдүү адамдын кланы менен бирге транзиттик жүк ташууларды жана бажы терминалдарын колго алып коюшканын көрсөткөн, ал жерде пара алуу аркылуу кымбат баалуу техника жана электроника арзан кездеме катары жол жоболоштуруп турган. Түшкөн акчалар накталай түрдө Бишкектен Стамбулга, андан ары банк аркылуу БАЭге, Улуу Британияга жана АКШга чыгарылып турган.
2020-жылдын октябрында Матраимовдун үй-бүлөсүнө байланышкан «Мекеним Кыргызстан» партиясы көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөн парламенттик шайлоодо экинчи орунга чыккан. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал Ак үйдү басып алуу, УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан жана колониялардан камактагыларды бошотуу менен аяктаган.
Бошотулгандардын арасында өлкөнүн учурдагы президенти, ал убакта камактагы Садыр Жапаров дагы болгон. Жапаров абактан чыгары менен түз эле митингге барып, чогулгандарга «Райымбек Матраимов камалат!» деп убада берген.
Кийин Матраимов чындап эле кармалган. Бирок ошол эле күнү кайра бошотулган: ал тергөө менен кызматташууга жана 2 млрд сом ($24 млн) зыянды төлөп берүүгө макул болгон.
«Эгерде азыр камакка алып, анан ишти тергейбиз десек, үй-мүлкүн конфискация кылабыз десек, анда бир үйүн же машинасын, макул бир объектисин алалы. Бирок ал 24 миллион эмес, 2 миллионго дагы чыкпаган мүлк болот да», — деп түшүндүргөн Жапаров.
Матраимов сумманын үчтөн бир бөлүгүн акчалай, калганын — мүлк менен төгүп берген: экс-чиновник мамлекетке жалпы баасы 600 млн сомго бааланган ($7 млн) соода борборун жана тогуз батирин өткөрүп берген. Кызыгы, батирлерди Матраимов өткөрүп берерден бир жума мурда сатып алган — журналисттер алар жогорулатылган баада алынганын болжошкон.
Бирок батирлерге ээ болгусу келгендер дароо четтен чыга баштаган: УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сегиз батир ведомство кызматкерлерине бериле турганын айткан. Кийин коомчулуктун нааразылыгы жаралгандыктан бул идеядан баш тартышкан, бирок батирлер кимге тийгени бүгүнкүгө чейин белгисиз.
Матраимов эки берене боюнча айыпталган. Сот аны коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып таккан. Ал эми экинчи иш — кылмыштуу кирешелерди адалдоо жөнүндө — бул иш иш төрт айдан кийин жабылган. УКМК чиновниктин чет өлкөдө мүлкү табылбаганын айтып, Матраимов акчаны төгүп берди — демек, баш коргоо чарасы жокко чыкты деп билдирген.
Бирок Матраимов мамлекет менен бөлүшүп абак жазасынан кутулуп кеткен жападан-жалгыз эле чиновник эмес.
2020-жылы парламенттик шайлоонун алдында, финполдун экс-төрагасы Бакир Таиров Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаевди иш бөлмөсүнө чакырган. Ал Ботобаевди жумуштан алам деп коркутуп, агенттиктин жамаатынан бийликчил делген партиянын биринин үгүт компаниясына акча жыйнап берип, кызматкерлерин шайлоодо ошол партияга добуш берүүсүн талап кылган. Ботобаев кызматкерлери менен мекемеге караштуу түзүмдөрүнөн 14 миң доллар чогултуп, Таировко өткөрүп берген.
Сот Таировду коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 265 миң сом (же $3125) айыпка жыккан. Мындан тышкары, Таиров мамлекетке өз ыктыяры менен 14 миң $ төгүп берген.
Биз соттор чиновниктерди айыпка жыккан дагы 15 учурду тизмектедик — бул бардык чыгарылган өкүмдөрдүн 38%ы. Айрыкча бул сыяктуу чечимдерди соттор бийлик «кустуруу» деп атаган экономикалык мунапысты жарыялагандан кийин чыгара башташкан: штрафтардын тышкары кылмышкерлер укук коргоо органдарынын депозиттик эсептерине өз ыктыяры менен кайыр-садагаларды төгүшөт.
Кустуруу — коррупцияга шектелген жана айыпталган чиновниктер мамлекеттин пайдасына өз ыктыяры менен акча төгүшү. Бийликтин пикиринде, бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга тийиш, анын өлчөмүн УКМК эсептеп чыгат. Кеңири колдонулганы менен Кыргызстандын мыйзамдарында кустуруунун тартиби жазылган эмес.
«Уурдалган акчалар көп. Мамлекеттик казынадан акча уурдаган чиновниктин баарын камайбыз деген оюбуз жок. Эгер ал киши мыйзам чегинде акчаны мамлекетке кайтарып берсе, “тергөө менен кызматташуу” беренеси менен аларды коё бере алабыз», — деп түшүндүргөн УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиев «кустуруу» тажрыйбасын.
Бирок кустуризациянын механизмдери бүдөмүк: зыянды ким-кантип аныктайт, кылмыш иштери жабылгандан кийин акчалар кайда түшөт — бюджетке өтөбү-жокпу же укук коргоо органдарынын эсептеринде калабы, белгисиз. Бул маалымат элге ачык жарыяланбайт.
Серепчилер кустуруу тажрыйбасынын арты жаман болот деп эсептешет. Жазаны жумшартабыз деген шылтоо менен адамдарды сотко чейин эле күнөөнү мойнуна алып айыпты төлөп берүүгө мажбурлап жатышат деп эсептейт «Адилет» укуктук клиникасынын» жетекчиси Чолпон Жакупова.
«Мындай иш-аракетти көпчүлүк жогорку кызмат адамдарынын кызмат абалын пайдаланып кадимки эле опуза же шантаж жасап жатышы деп баалайт», — деп баса белгилеген юрист.
Чиновниктерди көп учурда коррупция үчүн жоопко тартышат
Жогорку кызматтагы чиновниктерге козголгон он кылмыш ишинин тогузу мыйзамсыз боюуга байланыштуу. Ал эми кылмыш иштеринин 41%ы — коррупция беренеси боюнча.
Бирок көбүнчө далилдер даана көрүнүп турган иштерде деле сот өкүмүнө жеткирүү абдан татаал.
Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев 2018-жылы декабрда Кыргызстан чыгып кетүү үчүн «Манас» аэропортуна барганда кармалган. Анын банктагы ячейкасынан декларацияда көрсөтүлбөгөн 889 миң доллар жана зер буюмдар табылган.
Ошондой эле, УКМК депутаттын декларацияда көрсөтпөгөн кыймылсыз мүлкүн — жер тилкелери, батирлер жана кеңселер. Чиновник бул мүлктүн баарын адал эмгек менен иштеп табышы мүмкүн эмес: расмий маалыматтарга таянсак: Зилалиев менен жубайынын 2011-2017-жылдар аралыгындагы кирешеси болгону 3 млн сомду түзгөн.
Чиновнике каршы мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, Зилалиевди коррупцияга айыпташкан: мамгеологиянын директору болуп турганда алтын жана башка кендерди иштетүү боюнча лицензияны өзүнүн жумушсуз тууганына каттаган.
Биринчи инстанциядагы соттор Зилалиевди аталган кылмыш иштери боюнча күнөөлү деп тапкан. Бирок 2021-жылдын июнь айында Жогорку сот «процессуалдык бузуулардан улам» өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.
Башкы прокуратуранын акыркы алты жылга карата маалыматы боюнча, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы коррупциялык жана башка кылмыштардын саны үч эсе өскөн. Ал эми 2020-жылы болсо, орто эсеп менен бир күндө беш коррупциялык кылмыш жасалган.
Гумандуу сот жана куткаруучу мунапыс
2015-жылы Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгын башчысы Кылычбек Арпачиев иш бөлмөсүндө 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Алгач ал коррупция боюнча айыпталып, күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 14 жылга эркинен ажыратылган.
Бирок 2019-жылы сот жеңилирээк жазага алмаштырган — «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Пара опузалоо» беренелери колдонулган. Ошентип Арпачиевдин мөөнөтү кыскартылып, жатак абакка которулган.
Коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануудан башка кызмат адамдары алдамчылыкка, имараттарды басып алууга, аткезчиликке, ал тургай карактоого дагы айыпталышат.
2017-жылы УКМК экс-депутат Райхан Төлөгөновду талоончулукка айыптап кармаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2010-жылдын апрелиндеги экинчи революция учурунда Төлөгөнов башында турган адамдардын тобу кеңселерди жана турак жайларды карактаган, тонолгон объекттердин арасында өлкөдөн качкан президент Бакиевге таандык жайлар дагы бар. Төлөгөнов өзү талап-тоноо ишин саясий жүйөөлүү деп билдирген.
Депутат 15 жылга кесилип, бирок бир нече мунапыстын жыйынтыгы менен абак мөөнөтү 5 жыл 3 айга чейин кыскарган.
Кыргызстанда мунапыс ачык-айкын колдонулбасын, ал эми абактан пара берип чыгып кетсе болорун өлкөнүн азыркы президенти Садыр Жапаров деле айткан.
«Кыргызстанда акчага ордендер эле эмес, наамдарды дагы акчага алышат. Мен абакта отурганда, кээ бир балдар мунапыска илинүү үчүн акча төлөгөндөрүн көргөм. Албетте, акчаны президент албайт, жоопкерчиликтүү кызмат адамдары алышат», — деп ал былтыр күзүндө бийликке келгенде айткан.
Ал «камактагылардын арасында байлардын, чиновниктердин балдары жок, баары жөнөкөй үй-бүлөнүн балдары» деп кошумчалаган.
Айланкөчөк: айыптоо, абак, мамкызмат
Айрым чиновниктер кармалгандан соң убактылуу көздөн кайым болушат дагы, бир нече жылдан кийин кайрадан саясий аренада пайда болот. «Клооптун» эсептөөлөрү боюнча, акыркы беш жылда кылмыш ишине айыпталган ар бир бешинчи чиновник кайрадан мамлекеттик кызматка жана саясатка кайткан.
Учурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго 2017-жылы депутат кезинде Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Жапаров 2009-жылы экономика жана каржы министри болуп турганда 200 млн сом (болжолдуу 4,8 млндоллар) өлчөмүндө бюджеттик ссуданы жогорку кызмат адамдарынын туугандарына тиешелүү компанияларга бөлүп берген. Алардын арасында өзүнүн жубайы да болгон.
Бирок Жапаров эч бир жоопкерчилик тарткан эмес, ал парламент жыйындарына катышууну улантып, ал эми 2021-жылы июнда кайрадан экономика жана финансы министри кызматына кайтып келген.
Ага каршы козголгон кылмыш иши эмне болгону белгисиз. УКМК менен Башкы прокуратура «Клооптун» чиновниктердин кылмыш иштерине байланыштуу суроолоруна жооп бербей жатат. Ал эми Акылбек Жапаров өзү иликтөөнүн чоо-жайы боюнча суроого «Бул маселе боюнча айыпталып жатканымды билбейм» деп билдирди.
2021-жылдын октябрында президент Акылбек Жапаровду министрлер кабинетинин башчысы кылып дайындады. 2021-жылдын апрелинде кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, Акылбек Жапаровго өкмөт эле эмес, президенттин администрациясы дагы баш иет.
Учурдагы президент Садыр Жапаров дагы саясатка дүркүрөп кайтып келген келген. 2012-жылы досу Камчыбек Ташиев экөө Бишкекте митинг уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга чакырык таштап, Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүшкөн.
Коопсуздук кызматы митингчилерди кууп таркатып, ал эми Жапаров менен Ташиев бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу ишинин фигуранттарына айланышка. Бирок, анда алар сот тарабынан акталган. 2013-жылы «Кумтөрдү» улутташтыруу үчүн өткөн акция учурунда топ адамдар Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган. УКМК губернаторду барымтага алууну Садыр Жапаров уюштурган деп билдирген.
Кылмыш иши козголгондон кийин Жапаров өлкөдөн кетип, Польша, Түркия жана Кипрде жашап жүргөн. Кыргызстанга президенттик шайлоого катышууну көздөп 2017-жылы кайтып келген. Бирок келер замат кармалып, бейбаштык, зомбулук колдонуу, барымтага алуу жана адамды өлтүрүү менен коркутуу үчүн 10 жылга кесилген.
2020-жылдын октябрында, парламенттик шайлоонун жыйынтыктары шарттаган саясий кризистин алкагында Жапаров эркиндикке чыгып, ал эми иштеп турган бийлик отставкага кеткенден кийин өзүн премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялап алган.
Андан кийин Жогорку сот Жапаров жана анын досу Ташиевге тагылган тийиштүү айыптын баарын алып салган. Жаңы дайындалган президент Ташиевди УКМКнын төрагасы кылып дайындаган.
Бийликке дагы кимдер кайтып келиши мүмкүн?
Эң аз дегенде акыркы беш жылда кылмыш иштеринин фигуранты болгон төрт депутат жана чиновник 2021-жылдагы парламенттик шайлоого ар башка партиялардын тизмеси менен катышат.
- «Ата-Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев коррупция жана алдамчылыкка айыпталган, бирок акталган;
- «Ата-Журт» партиясынан бийликти күч менен басып алууга шектелип, жазасын өтөп чыккан Кубанычбек Кадыров;
- «Азаттык» партиясындагы Ахматбек Келдибековдун коррупция боюнча айыбы бүгүнкү күнгө чейин сотто каралып жатат;
- «Альянс» партиясынын талапкери, пара алуу боюнча шектелген Эмил Жамгырчиевдин кылмыш иши тергөөдө.
Бийлик өкүлдөрү башкаларга караганда көп акталат
Мамлекеттик кызмат элге кызмат кылуунун эмес, баюунун булагы болуп калды, деп эсептейт юрист Клара Сооронкулова. Мыйзам тандалма иштегендиктен жогорку кызмат адамдары менен бай чиновниктер жазадан кутулуп кетип жатат.
«Бул жерде чоң коррупциялык схемалар бар экенине толук ишенем, — деп түшүндүрөт Сооронкулова. — Карга карганын көзүн чукубайт, алар [бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү] бири-бири өз ара байланышта. Ал тургай ишке коомдун назары түшүп турса да ал үч күндөн кийин тынчып калат, андан кийин алар [укук коргоо органдары жана сот] каалаганын кылышат».
«Клооптун» журналисттери алты жылда ар башка сот инстанцияларында каралган 26 миң кылмыш ишин талдап чыгышты. Алар соттор кылмыш иштерин кароо процесстеринин 4%ында гана актоо өкүмдөрүн чыгарышарын аныкташкан. Мында көбүнесе бийлик өкүлдөрү акталат.
Мындай болбошу үчүн үчүн сот ачык-айкын болушу керек деп эсептейт Сооронкулова. «Бул жерде туруктуу мониторинг керек, — дейт ал. — Биз [жарандар] кылмыш иши козголуп, өкүм чыгып, жаза өтөө мөөнөтү дайындалганга чейин [бардык процесске] көз салышыбыз керек. Эгер мага процесс кызыктуу болуп жатса, анда мен ага барып, катышып, процесске көз салып отурууга укугум бар».
Бирок Кыргызстандын ачык-айкындыкка байланыштуу маселелер бар. Атап айтканда, «Клооп» материалдын үстүндө иштеп жатканда айрым чиновниктердин кылмыш иштеринин жүрүшү менен сот чечимдерине байланыштуу Жогорку сотко, ИИМге, Башкы прокуратурага жана УКМКга суроо-талаптарды жөнөткөн.
Бирок алардын баары персоналдык маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамга жана «тергөөнүн кызыкчылыгына» таянып сурамдарды көзгө илбей же болбосо таптакыр эле жооп берүүдөн баш тартышты.
Ал ортодо Садыр Жапаров бир жыл ичинде, 2020-жылдын октябрынан тартып жергиликтүү администрациялардын 46 башчысы жоопкерчиликкке тартылганын билдирди.
«Жогорку кызматтарда отуруп: “Мен кыйынмын” дегендин баары кармалды», — деп билдирген президент, «коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 7,5 млрд сом кайтарылганын кошумчалап».
Бул сумма кайдан чыкканын, ал бюджетке кантип түшүп калганын өлкө башчысы ошол бойдон эч түшүндүргөн жок.
Редактору: Екатерина Резникова, Айзада Тома, Анна Капушенко.
Которгондор: Чолпон Бейшелен кызы, Нурайым Шамырканова