Кадамждайда тойканадан уулангандардын саны 89га жетти

Иллюстративдик сүрөт

Материал саат 12:35те жаңыланды

Баткен облусунун Кадамжай районунда 31-июлда массалык уулануу катталды. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-июлда аймактагы тойканалардын биринде 250 адамдын катышуусунда маараке өткөн. Алгач 48 адам ооруканага кайрылган — аларда диарея, алсыздык болуп, дене табы көтөрүлгөн.

31-июль саат 19:30га карата бейтаптардын саны 58ди түзгөн. Алардын алтоо ооруканага жаткырылган, 6 жана 2 жаштагы балдар жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. 

Ал эми 1-августка карата уулангандардын саны 89ду түздү. Бейтаптардын абалы «орто оор» деп бааланып жатат.

Алардын баары тойдо ичкен тамагында кандайдыр-бир жытты байкашканын айтышкан. Ошондой эле алар тоок эти жана майонез кошулган салаттарды, тоок грилин жана коон-дарбыз жегени белгилүү болгон.

Учурда санэпидемиологиялык текшерүү башталып, жабыркагандардын саны такталып жатат. Ал эми кафенин ээсине протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Өлкөдө жай айы башталгандан бери бир нече массалык уулануулар катталды. Акыркы жолу Жалал-Абад шаарында тез татымдан 80ден ашык адам ууланган. Окуядан соң калаа бийлиги коомдук тамактануучу жайларда текшерүү жүргүзүп, айрымдарына айып пул салынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Уулангандардын саны 88ге жетти, 50дөй тез татым жайы жабылды