Жалал-Абад: Уулангандардын саны 88ге жетти, 50дөй тез татым жайы жабылды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад шаарында тез татымдан уулангандардын саны жалпы 88ге жетти. Ал эми шаардагы жана шаарга чектешкен аймактардагы 50гө жакын тез татым жайы убактылуу жабылды.

Маалыматка караганда, учурда 34 бейтап ооруканада жатат. Калгандары үй шартында дарыланууда, абалдары канааттандырарлык.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан «Клоопко» массалык уулануудан кийин 50дөй тез татым жайы жабылганын билдиришти. Алардын 10уна жалпы 48 миң сом айып пул салынган.

Мэриядан 4-июлда тез татымдан башка коомдук тамактануучу жайларды да текшерүү башталганын кошумчалашты.

30-июнда Жалал-Абад шаарындагы «Ага-ини» тез татымынан массалык уулануу катталган — ал күнү 22 адам ооруканага түшкөн, бир кош бойлуу аялдын абалы «оор» деп бааланган. Ал эми 1-июлда «Тадж-Махал» тез татымынан 13 адам ууланып ооруканага түшкөн.

Уулангандардын баары тез татымдан шаурма жегенин айтышкан. Эки жайдын тең ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, 7,5 миң сомдон айып пул салынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Тез татымдан дагы бир массалык уулануу катталды

Жалал-Абадда тез татымдан уулангандардын саны 40ка жетти