Ысык-Көлдө 21 автомектеп текшерилип, бешөөнө айып пул салынды

Ысык-Көл облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы аймактагы 21 автомектепти текшерди. Натыйжада лицензия талабына жооп бербеген беш мектепке 85 миң сом айып пул салынды.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, аймактагы 21 автомектептин 14ү жоопкерчилиги чектелген коом болсо, жети мектеп кесиптик лицейдин жана жогорку окуу жайдын базасына кирет.

ИИМдин маалыматына таянсак, унаа айдаганды үйрөткөн мектептерге лицензия чексиз мөөнөткө берилет. Эгерде лицензияда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса жана үч ай аралыгында кемчиликтер жоюлбаса, анда автомектеп лицензиядан ажыратылышы мүмкүн.

Лицензияны жокко чыгарууга атайын педалдар менен жабдылган унаанын жоктугу да себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле, автомектепте атайын плакаттар, биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн кушеткалар, жетиштүү педагогикалык кадрлар жана сабактар үчүн керектүү аянтчалар болушу зарыл.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында өлкөдөгү 142 автомектеп текшерүүдөн өткөн. Жыйынтыгында 18 мектеп лицензиялык талаптарты аткарбаганы үчүн жабылган.

Мындан тышкары 47 автомектептин жооптуу адамдарына айып салынып, 111 мектептин жетекчисине эскертүү берилген.

Расмий маалымат боюнча Билим берүү жана илим министрлиги баш-аягы 272 автомектепке лицензия берген. Буга чейин айдоочуларды окутуу үчүн уруксат кагаздарын Билим берүү министрилиги берип келсе, былтыр декабрда бул милдет Ички иштер министрлигине жүктөлгөн.

Тема боюнча:

Кыргызстанда 18 автомектеп жабылып, 47 мектептин жетекчиси айыпка жыгылды

Президент автомектептерге лицензия берүү жана унааларды каттоо ишин ИИМге өткөрүүнү тапшырды