Кыргызстанда 18 автомектеп жабылып, 47 мектептин жетекчиси айыпка жыгылды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы 4-апрелден тартып ведомство өлкөдөгү 142 автомектеп текшергенин билдирди. Текшерүүдөн кийин 18 мектеп лицензиялык талапка жооп бербегендиктен жабылган.

Автомектеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Мындан тышкары, 47 автомектептин жооптуу адамдарына айып салынып, 111 мектептин жетекчисине эскертүү берилген.

«Текшерүүдө 13 эле автомектеп лицензиялык талаптарга жооп берери аныкталды», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Өлкөдө жалпы 272 автомектепке лицензия берилген. Ведомство калган 130 мектепти текшерип жатат.

ЖКККББнын басма сөз кызматы май айында жыл башынан бери 315 жол кыймылынын эрежесин бузуу катталганын билдирген. Анын көбү жол белгилердин, чийиндердин талаптарын аткарбоого жана ылдамдыкты ашырууга байланыштуу.

Сabar.asia’нын журналисттери Кыргызстанда акыркы 10 жылдын ичинде жол кырсыгынан 10 миңге жакын киши каза тапканын билдирген.

«Муну бүтүндөй бир айылдын кырылышы менен салыштырууга болот. Бийлик тараптан көрүлүп жаткан чараларга карабастан, үрөй учурган статистика жакшы жагына өзгөрбөй жатат», — деп айтылган макалада.

2021-жылы өлкөдө жол кырсыктарынын саны кескин көбөйгөн. 2021-жылдын 11 айында жол кырсыктарынан 780 киши каза таап, 10 миңден ашууну жабыркаган. Өткөн жылы декабрь айында минкабдын жыл жыйынтыгына карата отурумунда президент Садыр Жапаров маселени чечүү үчүн кечиктирилгис чараларды көрүү керектигин айткан.

ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов жол кырсыктары тажрыйбасыз жана квалификациясы жок айдоочулардын саны көбөйүп жаткандыктан, көчөлөр жакшы жарыктандырылбагандыктан өсүп жатканы себеп деп айткан.

Кийин президент «Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон, ага ылайык, айдоочулук күбөлүктөрдү эми ЖКККББ эмес ИИМ берет.