Президент автомектептерге лицензия берүү жана унааларды каттоо ишин ИИМге өткөрүүнү тапшырды

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 8-декабрда «Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгонун билдирди. Жарлыкка ылайык, министрлер кабинетине жол кыймылын натыйжалуу уюштуруу үчүн ИИМге бир катар функцияларды өткөрүп берүү тапшырмасы берилди.

Жарлыкка ылайык, ИИМге каттоо функциясы өтөт:

  • транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин;
  • атайын технологиялык машиналарды;
  • айдоочуларды, анын ичинде унаа башкаруу укугуна экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу.

Айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү боюнча функцияларды дагы ИИМге өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, ИИМ автомектептердин ишин лицензиялоо функциясын алат. Жарлыкта жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти тартипке келтирүү максатында жеңил унаалар үчүн жүргүнчүлөрдү ташуунун лицензиясы киргизилери белгиленет. Бул үчүн да ИИМ жооптуу болот.

Документке ылайык, минкабга ЖКККББнын кызматкерлеринин санын көбөйтүү жана башкармалыктын техникалык базасын жакшыртууга каражат бөлүү боюнча дагы маселени чечүү тапшырмасы берилди. Аны менен бирге Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси ИИМдин карамагына өткөрүлөт.

ИИМдин карамагына «Унаа» мамишканасынан тышкары Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөлдөө департаментинен жүргүнчүлөрдү ташуунуну көзөмөлдөө боюнча иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөр өткөрүлөт.

Жарлыкты аткаруу үчүн министрлер кабинетине ведомстволордун түзүмдөрүн өзгөртүү максатында мыйзамдардын долбоорлорун парламентке киргизүү тапшырмасы берилди.