Ош: Алты тамактануучу жайдын иши убактылуу токтотулуп, айып пул салынды

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык бөлүмү коомдук тамактануучу жайларды текшерип, алты тамактануучу жайдын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу шардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө тамактануучу кафе-ресторандар санитардык талаптарды бузганы аныкталды.

«Тамакатануучу жайларга 5 миңден 13 миң сомго чейин административдик айып салынып, бузуулардын бирдиктүү реестрине катталды. Айып пулдун жалпы суммасы 120 миң сомду түздү», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык мэриясы тамактануучу жайларды текшерүү иши уланарын кошумчалады.

«Манас-Ата» кафесиндеги чырдан кийинки текшерүү

Буга чейин 27-июнда «Не сахар» берүүсү «Манас-Ата» кафесин текшерүүгө алган. Бирок эфирдин жүрүшүндө кафенин администрациясы журналистке тоскоолдук жараткан.

Журналист текшере баштаганда эле кафенин ашканасынын санитардык абалы талапка жооп бербегени белгилүү болгон. Кийинчерээк журналистти милиция кызматкерлердин бири сыртка алып чыгып, кайра киргизбей койгон.

Берүүдөн кийин интернет колдонуучулары чара көрө албаган милиционерлерди кескин сынга алышкан. Ошондой эле аталган кафенин жабылышын талап кылышкан.

Окуя коомчулукта резонанс жараткандан кийин гана Ош мэриясы «Манас-Атаны» жана башка кафелерди жапырт текшерүүгө алган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган кафеге 41 миң сом айып пул салынып, убактылуу жабылган.

Кийин Ош шаардык прокуратурасы кафени текшерүүгө алып, бир катар мыйзам бузуу фактыларын аныктаган. Мындан улам прокуратура мэрияга «Манас-Ата» кафесин сүрдүрүү сунушун берген.

Тема боюнча:

Ош: «Не сахар» «Манас-Ата» кафесинин ашканасында санитардык норма сакталбаганын аныктады

Ош: «Манас-Ата» кафеси убактылуу жабылып, айып пул салынды