Ош: «Манас-Ата» кафеси убактылуу жабылып, айып пул салынды

Сүрөт: Turmush

Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафеси убактылуу жабылып, 41 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык санэпидкөзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кафенин 15 түрдүү тамагынан үлгү алынып, лабораторияга жиберилди. Ошондой эле имаратта дезинфекция жүргүзүлүп, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Аталган кафедеги окуяга байланыштуу 30-июнда калаа башчысы Алмаз Мамбетов тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда аталган кафе тиешелүү документтерсиз иштеп жатканы белгилүү болгон.

Мындан улам Мамбетов тиешелүү кызматтын жетекчилерин «көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтып» тилдеди.

«Бул бир эле кафеники. Мындай кафеден канча кафе бар бизде? Демек баары эле мыйзамсыз иштеп жатабы анда? Бир дагы документи жок кафелер да бар болсо керек? Эгер суусу, свети уурдалып жасалган, бир тыйын төлөбөгөн кафелер бар болсо да таң калбайм», — деди ал.

Мамбетов 1-июлдан баштап калаадагы бардык кафе-ресторандарды текшерүү тапшырмасын берди.

«Манас-Ата» кафесиндеги чыр

27-июнда «Не сахар» берүүсү «Манас-Ата» кафесин текшерүүгө алган. Бирок эфирдин жүрүшүндө кафенин администрациясы журналист Умар Дадановго тоскоолдук жараткан.

Журналист текшере баштаганда эле кафенин ашканасынын санитардык абалы талапка жооп бербегени белгилүү болгон. Кийинчерээк Дадановду кызматкерлердин бири сыртка алып чыгып, кайра киргизбей койгон.

Администратор Машрапхон Кушакбаева кызматкер менен бирге кафенин эшигин тосуп туруп алып, журналистке орой мамиле жасаган. Мындан улам Даданов милиция кызматкерлерин чакырган, бирок аймактык милиционер да, патрулдук милиция жана ыкчам тергөө кызматы да эч кандай чара көрө алган эмес.

Кафенин ичине киргизбей койгон соң Кушакпаева журналистке кайрылып кечирим суроону талап кылган. Ага кошулуп милиционердин бири да бир нече жолу «кечирим сурап кой» деп суранган. Бирок журналист эмне үчүн кечирим сурашып керек деп нааразы болгон.

Мындан улам интернет колдонуучулары милиционерлерди өз ишин билбейт деп сынга алышкан.

Кийинчерээк «Манас-Атанын» ээси Бахтияр Гуламов жана администратору Машрапхон Кушакбаева милицияга чакыртылган. Анда Гуламов Кушакпаева жумуштан кеткенин айтып, ал үчүн коомчулуктан кечирим сураган.

Ал эми аялдын журналист менен болгон чырда айткан сөздөрүнө лингвистикалык экспертиза дайындалып, териштирүү жүрө баштаган.

Аталган окуя боюнча мэр Алмаз Мамбетов чырдан жалпы улут маселесин козгобоого жана мамлекеттик тилге аяр мамиле жасоого чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Оштун мэри «Манас-Ата» кафесиндеги чырдан улут маселесин козгобоого чакырды

Ош: «Манас-Ата» кафесинин ээси администратор иштен алынганын айтып, элден кечирим сурады

Ош: «Не сахар» «Манас-Ата» кафесинин ашканасында санитардык норма сакталбаганын аныктады