Ош: «Не сахар» «Манас-Ата» кафесинин ашканасында санитардык норма сакталбаганын аныктады

Ош шаарынын тургундары калаадагы «Манас-Ата» кафесинин санитардык абалына нааразы болуп, «Не сахар» берүүсүнө чагылдырып берүүнү суранышкан. Мындан улам журналисттер аталган коомдук тамактануучу жайды текшерүүгө алышкан.

Тасманын алгачкы мүнөттөрүндө эле өзүн аталган кафеде иштейм деген киши журналистке «киргенге мүмкүн эмес, укугуң жок» деп каршылык көрсөткөнүн көрүүгө болот.

Бирок журналист Умар Даданов журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө мыйзамды айтып, кафенин ичин жана ашкананы чагылдыра баштаган.

Алгач эле идиш жуучу бөлмөгө баш бакканда бир нече баштыктагы таштандыларды ашканага ыргытпай тизип коюшканын көргөн. Тасмадан идиш-аяк жуучу идиштин түбүндөгү түтүктөрдү дат басып, пол кирдегени байкалган.

Журналист санитардык норма деген эмне билесизби деп кафе кызматкерине суроо узатканда, ал билбей турганын айткан. 

Андан ары ашканага киргенде мүшөктөгү жана баштыктагы жер-жемиштер жерде жаткан. Журналист эреже боюнча жер-жемиштер атайын ящикке сылынып, жерден 10 см өйдө туруш керектигин эскерткен.

Ошол учурда өзүн аталган кафенин администраторумун деп тааныштырган жигит журналистти сыртка чыгып сүйлөшүүгө чакырган. Бирок журналист көнбөй когондо, «камераны сындырып жиберем» деп коркуткан.

Сыртка чыкканда журналист аймактык милиция кызматкерин чакырган. Бирок кафенин алдында жүргөн милиционерлер журналистти кафенин ичине киргизе алышкан эмес.

Андан соң «Манас-Атанын» администратору делген аял «ким келсе эле ачып, көрсөтө беребизби, биз эшикти ачпайбыз» деп каршылык көрсөтүп, калган кызматкерлер эшикти жаап туруп алышкан. 

Сүрөт: Манас-Ата ресторанына журналистти киргизбей тосуп алышкан/Не Сахар

Журналист аймактык милиция кызматкери киргизе албаган кийин кайгуул кызматын чакырган. Бирок алардан да майнап чыкпагандыктан, ыкчам милиция тобуна кайрылган.

Жерине ыкчам милиция тобу келип, бирок алар маселени уккандан кийин эле эч түшүндүрмө бербестен кетип калышкан. Кийин эки аймактык милиционер эле калган.

Андан соң кафенин администратору журналистке кайрылып кечирим суроону талап кылган. Милиционердин бири журналистке бир нече жолу кайрылып, «кечирим сурап кой» деп суранган. Бирок журналист эмне үчүн кечирим сурашып керек деп нааразы болгон.

«Не сахар» долбоорунун программасы Ютубга чыккандан кийин видеонун астына 15 миңден ашуун комментарий жазылган. Анда интернет колдонуучулары милиционерлерди өз ишин билбейт деп сынга алышты.

Андан сырткары алар журналисттин укугун коргобогон укук коргоо органдарынын кызматкерлерине чара көрүүнү талап кылышты.

Жергиликтүү бийлик эмне дейт?

Социалдык тармактарда милицияга карата нааразычылык күчөгөн шартта Ош ШИИБдин басма сөз кызматы Фейсбук барагында пресс-релиз таратты. Анда «Манас-Ата» кафесинин жетекчилигине жана администраторуна түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн деп маалымдашты.

Ошондой эле окуя маалыматтардын электрондук журналына катталып, ар тараптуу текшерүүлөр жүрүп жатканын белгилешти.

Андан кийин Ош мэриясынын басма сөз кызматы да билдирүү жасады. Калаа бийлигинен мэр Алмаз Мамбетов тиешелүү кызматтарга, анын ичинде укук коргоо органдарына, санитардык эпидемиология кызматына тапшырмалар берилгенин кабарлашты.

«Бул кызматтар мыйзам чегинде бардык тиешелүү чараларды көрүшөт», — деп ишендиришти мэриядан.

Ошондой эле 1-июлдан тарта санэпид пландалган текшерүүнү баштайт деп кошумчалашты.

Жергиликтүү бийлик текшерүү жүргүзүп жатканын айтканы менен «Манас-Ата» кафеси ишмердүүлүгүн улантууда. Журналисттер тартып үлгүрүп калган тасмадан тамактануучу жайдын ашканасында санитардык талаптар сакталбаганын көрүүгө болгон.