Сүрөт: «Эсимде Үркүн» жүрүшүнүн катышуучулары Түп районуна келишти

1916-жылдагы Улуттук боштондук күрөшкө арналган «Эсимде Үркүн» аталышындагы эскерүү жүрүшү өтүп жатат. 7-август, жүрүштүн 3-күнүндө катышуучулар Түп районуна караштуу Балбай айылына келишти.

«Эсимде» изилдөө аянтчасынын маалыматына ылайык, жүрүшкө жарандык активисттер, айыл акчакалдары, окумуштуулар жана медиа өкүлдөрү катышып жатат.

«Кара-Баткак эс тутум жайы. Жергиликтүү аталар 1916-жылы август айында бул эскерүү жайында 400 дөн ашуун адамдар кырылганын айтып беришти. 1991-жылы Үркүндүн жетимиш беш жылдыгына карата бул эскерүү жайында таш орнотулуп “Үркүн 1916” жазуусу чегилген. Бул аймакта чоң эстелик тургузуу маселелери көтөрүлүп, тилекке каршы, азыркыга чейин ишке аша элек», — деп белгилешти жүрүштүн уюштуруучулары.

Түп района караштуу Балбай айылы. Сүрөт: «Эсимде» изилдөө аянтчасы.

Эскерүү жүрүшү 5-августта башталган, 14-августка чейин уланат. Катышуучулар Чүй өрөөнүнөн жол тартып, Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей тараптарын камтып, Сырт ашууларына чейин барат.

«Жүрүштүн негизги максаттары колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларыбызды эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайларын коомдук эс тутумда актуалдаштыруу. Бул трагедияны коомдун аңдап түшүнүүсүнө түрткү берүү жана бул окуяларга байланышкан эс тутум жайларын изилдөө», — деп белгилешти изилдөө аянтчасынан.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет.

Улуттук боштондук күрөш

Кыргыз тарыхында Үркүн деп орус падышачылыгынын бийлигине каршы Борбордук Азиялык көтөрүлүш айтылат.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Көтөрүлүштүн жүрүшүндө жана аны басууда Кыргызстанда 16 миңден ашуун адам өлгөн. 130 миңден ашууну Кытайга качып кеткен — алардын көпчүлүгү жолдо набыт болгону айтылып келет.