Боом качпыгайындагы 100 километрдик марафонго 100дөн ашуун адам катышты. Иш-чара 100 жыл мурда болгон Үркүндү эскерүү үчүн уюштурулду.

Чуркагандардын көбү жөнөкөй кызыккандар болгондуктан алар аралыктын бир бөлүгүн басып өтүштү. Ал эми 14 адам 100 километрдик ультрамарафонду толугу менен чуркап өттү.

Марафондо кыргызстандыктардан сырткары якутиялык (Орусия) жана канадалыктар катышты.

«Албетте, марафон учурунда кичине ысык болду, бирок жакшы уюштурулуптур. Баарыбыз топ менен чуркадык, марафон бүткөндөн кийин өзүбүздү жеңил сезип калдык. Бул окуя боюнча алгачкы жолу коомдук тармактардан уккам, кийин кененирээк изилдей баштадым», — деди марафондун катышуучусу канадалык Кимберли Пасибл.

Марафонго катышуу акысыз болду. Бардык каражатты уюштуруучулар өз мойнуна алышкан.

«Үркүндөй болгон ыйык иште акча иштеп тапканга болбойт. Кеткен каражат досторубуздун эсебинен жабылды жана бул анонимдүү болду», — деди иш-чаранын уюштуруучусу Нурлан Жуманалиев

1916-жылдагы кандуу окуялардын урматына карата уюштурулган ультрамарафондун жалпы аралыгы 100 километрди түздү. Жөө күлүктөр үч топко бөлүнүштү: биринчи топ толук 100 километрди басып өттү, экинчиси 10, үчүнчүсү 5.

«Үркүн жөнүндөгү иш-чараларга барып турам. Көрдүңөрбү, ошондо биз каршы тура албай качып кеттик, күчтүү болуш керек», — деп эсептейт марафондун катышуучусу Чынара Төрөбекова.

Айтымында, жаш кезинде көп ооручу, студенттик кезде спорт менен машыгуу ден-соолугунун чың болушуна өбөлгө түзгөн.

Кыргыз тарыхында Үркүн деп орус падышачылыгынын бийлигине каршы борбордук азиялык көтөрүлүш айтылат. Жергиликтүү калк Биринчи дүйнөлүк согуштун фронт аймактарындагы тыл жумуштарына барууга каршы чыгышкан.

Көтөрүлүштүн жүрүшүндө жана аны басууда Кыргызстанда 16 миңден ашуун адам өлгөн. 130 миңден ашууну Кытайга качып кеткен — алардын көпчүлүгү жолдо набыт болгон.