«Кара базар» жана валюта алуу үчүн комиссия. УБ валюта рыногундагы жагдай тууралуу айтып берди

Улуттук банктын өкүлдөрү 8-августта маалымат жыйын өткөрүп, валюта рыногунда түзүлгөн жагдай тууралуу айтып беришти. «Клооп» Улуттук банктын түшүндүрмөсүнүн урунтту учурларына токтолду.

Накталай доллардын тартыштыгы жана валютаны алуу үчүн комиссия

Улуттук банктын жетекчисинин орун басары Нурбек Жениш өлкөдө бир нече айдан бери байкалып жаткан накталай доллардын тартыштыгы Кыргызстанда эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да бар экенин билдирди.

Ал чет элдик накталай валютанын тартыштыгына Украинага кол салууга байланыштуу санкциялар киргизилгендиктен Орусияга доллар жана евро ташылбай калганы себеп экенин белгиледи. Накталай валюта тартыш болуп атканына алып-сатарлардын аракеттери дагы себеп.

Кыргыз банктары чет элдик валютаны тек гана Орусиядан ташып келишчү, эми болсо накталай долларды альтернативдик каналдар аркылуу алып келүүгө аргасыз. Аталган чыгымдарын жабыш үчүн банктар валютаны накталай алуу үчүн комиссия киргизген. Жеңиштин айтымында, жергиликтүү банктардагы комиссия накталай алуунун суммасына жараша 0,4%дан 5%га чейинки пайызды түзөт.

«Накталай долларды алып келүү боюнча альтернативдик жолдордун чыгымы [Орусиядан ташылып келеген каналдарга караганда] кыйла кымбат болуп чыкты», — деп билдирди ал.

Ал банктар кардарларына валютаны накталай алууда жаңы комиссиялар эмне себептен киргизилгенин түшүндүрүп турушу керек деп эсептейт.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары валюталык эсептен жана депозиттерден акчаны чыгарып алууда банктар комиссия ала албайт деп белгиледи.

Нак доллардын өлкөдөн чыгып кетүүсү токтоду

Ошондой эле Жеңиш Улуттук банк тарабынан көрүлгөн чаралар нак доллардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн токтото алганын билдирди. Буга чейин Улуттук банк бир катар чектөөлөрдү киргизген болчу. Алсак, апрелден тартып акча которуулар жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сом менен гана берилип жатат. Ошондой эле башкы банк акча алмаштыруучу жайларга жана микрофинансылык уюмдарга накталай АКШ долларын Кыргызстандан чыгарууга тыюу салган. Бул чектөөнүн физикалык жактарга тиешеси жок.

«Жалпы айтканда биз тараптан көрүлгөн чаралар накталай АКШ долларынын чыгып кетүүсүн кармап калууга мүмкүнчүлүк берди [...] Ошентип, бүгүнкү күндө банк тутумунда АКШ долларынын жалпы көлөмү өсүү тенденциясын көрсөтө баштады. Өлкөдө накталай эмес АКШ долларынын таңкыстыгы жок. Банктар накталай эмес долларга болгон суроо-талаптын каалаган көлөмүн канааттандырууга даяр», — деп белгиледи ал.

Улуттук банктын жетекчисинин орун басары жарандарга нак эмес доллар менен эсептешүүлөрдү колдонууну сунуштады, себеби ал коопсуз.

Валюталардын «кара базары»

Нурбек Жеңиш Улуттук банк валюта рыногундагы абалга көз салып, акча алмаштыруучу жайларды текшерип жатканын белгиледи. Ошондой эле ал акчаларды мыйзамсыз алмаштырып жаткан телеграм-каналдардын ээлерине айып пул салганын билдирди. Буга чейин ЖМК өлкөдө валютанын «кара базары» өнүгө баштаганын, ал жерде валюталар сатылып жатканын жазышкан.

Ал рейддин жүрүшүндө жалпы 14 физикалык жакка айып салынганын, алардын ичинде телеграм-каналдардын ээлери да бар экенин кошумчалады.

Валюта рыногундагы оюндар

Орус армиясы Украинага ири алкакта кол салгандан тартып Орусияга карата олуттуу экономикалык санкциялар салынган. Бул Орусияда накталай доллардын тартыштыгын пайда кылган.

Мындан улам Орусияда 1-марттан баштап, өлкөдөн накталай доллар алып чыгууга чектөө коюлган — бир адам 10 миң доллардан ашык алып чыга албайт. Ушундай эле чектөө марттын ортосунда Казакстанда дагы киргизилген.

Мындай чаралар Кыргызстанда рубль, теңге жана доллар менен акча которуулардын көбөйүшүнө алып келди деп айтышкан Улуттук банктан.

«Өлкөдөн чет элдик валютаны чыгарууга/киргизүүгө тыюунун жоктугунан пайдаланып, [чет элдик валютаны акча которуу менен] алгандар накталай АКШ долларын чоң көлөмдө Кыргызстандан чыгарып кеткен жана чыгарып жатышат», — деп белгилешкен Улуттук банктан.

Абалды турукташтырыш үчүн Улуттук банк бир катар чектөөлөрдү киргизген. Бирок эксперттер накталай валютанын жетишсиздигинен жана ар кыл чектөөлөрдөн улам өлкөдө валютанын «кара базары» пайда болгонун, ага

коммерциялык банктар да катышып жаткан болушу ыктымалдыгын айтышкан.

Тема боюнча: Эксперттер: Кыргызстанда валюталардын көмүскө рыногу пайда болду