Эксперттер: Кыргызстанда валюталардын көмүскө рыногу пайда болду

Материалдын түп нускасы «Азаттыкка» жарыяланган.

Улуттук банк 27-июлда чет өлкөдөн жана өлкө ичинде эсептер аралык которулган валюталарды конвертациялоону маалымат тактада көрсөтүлгөн курс боюнча жүргүзүү токтомун чыгарды.

Ал эми коммерциялык банктардын ишиндеги тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн АКШ долларын берүү же алмаштыруу суммасы боюнча чектөөлөр жана кошумча алымдарды алуу улана бермекчи.

Адистер валюта рыногундагы түшүнүксүз жагдайлардан улам кийинки кездери көмүскө валюталык соода көбөйүп баратканын жана ага коммерциялык банктар да катышып жатканын айтып, коңгуроо кагууда.

Улуттук банк өз билдирүүсүндө Кыргызстанда накталай доллардын тартыштыгына Орусияга карата санкциялык басымдан улам долларды алып келүүнүн логистикалык процессинин бузулушу жана айрым жарандардын орус рубли менен АКШ долларынын курстук айырмасынан пайда көрүү үчүн алып-сатарлык операцияларды жүргүзүүсү таасир кылып жатканын билдирет.

Мекеменин өкүлү Кубаныч Мусуралиев 27-июлда чыгарган токтомду мындайча түшүндүрдү.

Кубаныч Мусуралиев

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо алкагында, 2022-жылдын 27-июлунда кабыл алынган Улуттук банктын токтомуна ылайык, эл аралык акча которуу системаларына ылайык түшкөн акча каражаттары алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында нак формада же чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу курстары маалымат тактасында көрсөтүлгөн курс боюнча улуттук валютага конвертацияланган сом түрүндө берилүүгө тийиш.

Банктык эсепке, банктык төлөм картына же Кыргыз Республикасынын банкы тарабынан эмитирленген электрондук капчыкка чегерилүүчү акча которуулар боюнча конвертациялоо дагы нак валютаны алмаштыруу үчүн белгиленген курс боюнча, тактап айтканда, чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу курстары маалымат тактасында көрсөтүлгөн курс боюнча жүргүзүлөт».

Улуттук банктан алып-сатарлык операцияларынын көбөйүп жаткандыгын эске алып, коммерциялык банктар тарабынан накталай АКШ долларын берүү-алмаштыруу суммасы боюнча чектөөлөр киргизилип жана кошумча комиссиялар белгиленип жатканы айтылды.

Ал арада, Кыргызстандын валюта базарында көмүскө рынок кулач жайып баратканы тууралуу сөздөр көп айтылууда.

Жөнөкөй жарандардан баштап, финансы рыногун жакшы билген адистерге чейин коммерциялык банктар, акча алмаштыруу жайларындагы чектөөлөр менен катар көмүскө жүргүзүлгөн валюталык операциялар күндөлүк турмушта кездешип жатканын, мындай көрүнүшкө мамлекет тарабынан алгылыктуу чаралар көрүлбөй келатканына нааразы болушууда.

Жарандык активист Азим Азимов АКШ доллары көмүскө валюталык базарда айланып, Орусияга да жөнөтүлүп жатат деп эсептейт.

«Мисалы, Бишкектеги Москва көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу жайларда “долларды 82 сомдон сатып алабыз, 84 сомго сатабыз” деген жазуулар турат. Бирок, бир дагы алмаштыруу жайынан жадагалса 50 доллар сатып алууга да мүмкүнчүлүк жок. Жакында насыя төлөйм деп доллар издеп калып, инилериме кайрылсам, Моссоветтеги алмаштыруу жайларында иштеген тааныштары бар балдар “азыр Моссовет бүт долларды сатып алат, алары менен эле Орусияга жогорураак курс менен жөнөтүп атабыз” дейт. Тилекке каршы, азыр Улуттук банктын эффектиси жок саясатынын натыйжасында бизде алмаштыруу жайларында доллар сатып алууга мүмкүнчүлүк жок. Банкка барсак, ал жакта бир курс жазылып турат, ошол эле убакта 5% комиссия талап кылат. Бул эмнени билдирет? Бизде, Кыргызстанда демек көмүскө базар пайда болуп калды. Азыр Кыргызстанда алмаштыруу жайлары үчүн биздин жергиликтүү курстун пайдасы жок болгондуктан, акчанын баарын Орусияга жөнөтүп жатышат».

Азим Азимов

Азимов жергиликтүү банктар туташ кризистен жабыркап эмес, тескерисинче, кризистин натыйжасында акча таап жатат деп эсептейт. Ал Улуттук банк коммерциялык банктар менен биригип алып, белгилүү бир топко пайда келтирген максатта иштеп жатабы деп боолгойт.

«Бул болсо түздөн-түз биздин азыр Улуттук банктын жүргүзгөн саясатынын натыйжасы болуп калып жатат. Ошондуктан, бул жерде бир нече ойлор кетет. Же Улуттук банктын өтө эле ишине жарабаган, талап кылган деңгээлге туура келбеген саясат жүргүзүп жатат. Же, экинчи ой бар, балким банктар менен Улуттук банк чогуу иштеп атат. Бул жерде “картельный сговор” деп коёт. Ушундай чоң-чоң уюмдар биригип алып, өздөрүнө пайда келтирген саясатты түзүп алышат».

Кыргызстандын акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов лицензиянын негизинде иштеген акча алмаштыруучу жайлар көмүскө соода жүргүзө албай турганына ишендирет.

Бирок, Улуттук банктын реестриндеги 416 алмаштыруу жайларынын арасынан мындай кадамдарга барган айрымдары аныкталып, тогуз жайдын иши 15 күндүк мөөнөткө токтотулган. Рыскулов кийинки кездери валюталык соода жүргүзгөн Телеграм-каналдар пайда болуп жатканын билдирди.

«Лицензиясыз акча алмаштыруу жайлар, акча алмаштырган адамдар курсту жогорулатып же ылдыйлаткан кээ бир Телеграм-каналдар пайда болду азыр. Лицензиясыз акча алмаштырып жаткан фактылар дагы жок эмес. Биз “ошондой телеграм каналдар, акча-каражатын мыйзамсыз айландыруу боюнча чара көрүңүздөр” деп кат менен Улуттук банк менен ИИМге кайрылганбыз. Мисалы, ошол эле Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде, же “Дордойдо” “бул жакта доллар жок экен, чектөө менен сатып жатыптыр, арзаныраак экен же кымбатыраак” деп бири-бири менен сүйлөшүп алып, доллар алып-сатуу соодаларын жүргүзүү фактылары бар болчу. Ошонун негизинде Улуттук банк менен ИИМ биргеликте 5-6 күндүк рейд өткөргөн. Тилекке каршы, аз эле факты чыкты. Бирок, жок эмес».

Кыргызстандагы валюта сатуу боюнча телеграм-канал

Рыскулов айткан Телеграм-каналдарда көбүнчө АКШ доллары менен орус рублин банктардагы же алмаштыруу жайларындагы курска караганда жогору көрсөткүчтө алмаштыруу боюнча сунуштар жана талаптар айтылып турат. Сатуучу менен кардар тил табышса кездеше турган жерин өз ара аныктап, каалаган көлөмдөгү валютаны алмаштыра берет. Алардын ишмердиги эч ким тарабынан лицензияланбаган жана кепилденбеген. Ошондой тайпалардын биринде 20 миң долларын саткысы келген жаран менен сүйлөшүү мындай болду.

«Доллар сатылып кетти, 84,8ден бердик. Сом керек болгондуктан алмаштырып жибердик. Канча керек сизге? Тааныш обменкалар бар, сурап берейин. Бир сааттан кийин байланышалы, болуп калышы мүмкүн. 84,8ден алып кетебиз дейт, 40-50 миң, кайра-кайра чалып атышат, көтөрүлөт го дейм. Азыр тапсаңыз таап калдыңыз, аракет кылып көрүңүз».

Өзүн Руслан деп тааныштырган дагы бир жаран банктардан чыккан долларды сатарын, акча дайым болуп турарын айтат.

«Төрт миң доллар бар, 84,9 деп чыгарып койгон элем. Доллар 85тен дээрлик жок. ГУМ жакта азыр, бир дос баламдын номерин берейин, акча ошондо эле. Дагы эртеңдерден табылып калат, эртең болуп калат. Банктан алынган акча, кепилдик берилет да. Таза доллар, банктан алып чыккан эле доллар. Доллар дайым болуп турат».

Ал эми Элмар деген жигит 20 миң долларды 85 сомдон сатып жатат. Ал доллар дайым болуп турарын, туруктуу иштешүүгө болорун айтты.

«Сексен бештен болчу негизи. Болору 84,8. Бүгүн-эртең, дайым эле болот. Менин номеримди сактап алыңыз, эгер кийин иштешебиз десеңиз. Бизде дайым эле болуп турат. Көлөм көп эле да, ээ?».

Бир Телеграм-тайпада Аруун аттуу колдонуучу көмүскө акча алмаштыруучуларга эскертүү иретинде мындай кабарды жазды.

«Балдар, ким долларды 84,5 жогору сатып аткан болсо, абайлагыла. Мындайларды Улуттук банк күч органдары менен барып кармап атышат. Мага балдар чалып, лицензиясыз иштеп жаткандарды Моссоветте, ЦУМда, ГУМда издеп жүрүшкөнүн айтышты».

Финансы маселелери боюнча адис Арсланбек Кененбаев Кыргызстандагы валюта базарын талдаган. Ал өлкөдө “көмүскө базар” калыптанып баратканын, мындай көрүнүш жакшылыкка алып барбай турганын айтууда.

Арсланбек Кененбаев

«Мен алмаштыруу жайларындагы адамдары менен, банкирлер, ишкерлер менен сүйлөштүм. Тилекке каршы “көмүскө базар” түзүлө баштады. Бул абдан жаман белги. Эгер сиз алмаштыруу жайына алардын расмий курс боюнча кайрылсаңыз, алар сизге долларды дагы, еврону дагы сатышпайт. Баарын чет өлкөгө чыгарып кеткен. Коммерциялык банктарда кыйынчылык менен беришет. Анда да келише алсаңыз. Алмаштыруу жайларына барсаңыз алар кулагыңызга акырын “азыр курс 83төн, биз сизге 85тен 100 миң же 200 миң долларды сатабыз” деп шыбырашат. Тилекке каршы, доллардын ушундай бейрасмий курсу бар. Эгерде ушундай жагдай улана берсе, бизде “көмүскө базар” болот. Бул жакшы эмес. Эгерде азыр мен долларды коммерциялык банкта накталайын десем, анда 5% комиссия төлөшүм керек. Кээ бир банктарда 5%. “Көмүскө базар” менен расмий базардын ортосундагы болжолдуу айырма мына ушул».

Финансы жаатындагы адистердин талдоосу 2022-жылдын март-июль айларында Кыргызстандагы банктардын маржасы 343% өскөнүн көрсөткөн. Талдоодо мындай пайданы банктар пайыздык же кредиттик кирешеден эмес, валюталык операциядан тапканы аныкталган.

Улуттук банктын маалыматына таянып 2022-жылдын беш айында банктардын кредиттен тапкан пайыздык кирешеси 17,5% өскөн болсо, пайыздык эмес операциялык кирешеси 335% өскөнүн белгиленген. Бул көрсөткүчтү суммага айлантканда Кыргызстандын банктары беш айда валюталык операциялардан 26 млрд. сом пайда тапкан. Бул мурунку жылдарга караганда беш эсеге көп сумма.

Материалдын автору: Кубатбек Айбашов.