2010-жылдагы июнь окуясы боюнча иш: Убактылуу өкмөттүн беш мүчөсүнө айып тагылды

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча иш сотко өттү. Бул тууралуу «Клоопко» адвокат Сергей Слесарев билдирди.

Юристтин айтымында, ишти Биринчи май райондук соту карайт. Баштапкы уктуруу 15-августка дайындалды.

Слесарев Убактылуу өкмөттүн беш мүчөсүнө кызмат абалынан кыянат пайдалануу айыбы тагылганын белгиледи. Алар: Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Бактыбеку Алымбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Бектур Асанов.

«Бул иште эч кандай далилдер, же болбосо ушундай айып тагуугу мүмкүнчүлүк бере турган жагдайлар жок. Ушунча убакыт өткөндөн кийин айып тагуу аракети бул белгилүү бир убакта, тандалма жана эч кандай негизсиз жасалып жатканынан кабар берет», — деди адвокат.

Ал эми жактоочу Замир Жоошев прокурорлор айыптоочу актты тапшырардын алдында ишти мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотуу жөнүндөн өтүнмө жазууну сунушташканын билдирди.

«Бирок Атамбаев баш тартты, анын ичинде төмөнкү себептерден улам: эскирүү мөөнөтү 2020-жылы бүткөн, бирок ага карабстан ишти козгошкон. Андан кийин ишти токтотуу тууралуу өтүнмө жазгыла деп Атамбаевдин өзүнө сунуштап жатышат. Иштин мөөнөтү эскиргени реабилитациялоочу фактор болуп эсептелбейт, тагыраагы, адам акталган да жок, күнөөлүү да эмес дегендей», — деди Жоошев.

Июнь окуясы боюнча иштер

2010-жылдын 10-июнунан тартып 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган. Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

2021-жылдын 16-апрелинде 2010-жылдын июнунда өлкөнүн түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжал боюнча тергөө жандандырылганын билдирген. Бул президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталган. Анда УКМК тергөө Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата да жүргүзүлөрүн, алардын Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине көмөктөшүү фактысынын бар-жогу текшерилерин айтышкан. Кадыржан Батыров — Жалал-Абаддык ишкер, жергиликтүү өзбек диаспорасынын лидери.

УКМКнын маалыматына ылайык, Батыровдун өлкөдөн чыгып кетиши улуттар аралык жаңжалдын чыгышынын бирден бир себеби болгон. Анын өлкөдөн чыгып кетүүсү кандайча кагылышууларга алып келгени так айтылган эмес.

2022-жылдын июнь айында Башкы прокуратура 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге айып таккан. Жактоочу Сергей Слесарёвдун айтымында, Атамбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Слесарев Башкы прокуратуранын Алмазбек Атамбаев жана Убактылуу өкмөттүн аракетсиздигинен улам, сепаратист Кадыржан Батыров жана анын тарапташтарынын кылмыштуу, арам ойлорун ишке ашырууга багытталган аракеттеринин жыйынтыгында Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарындагы кыргыз жана өзбек улутундагы жарандардын кагылышуусунда жалпысынан 434 адам каза болуп, 1 000ден ашууну ар кандай жаракттарды алышып, жалпысынан 3 819 объект талкаланып, материалдык чыгымдын көлөмү 4,21 млрд сомдук зыян келтирилгени айтылган токтомун жарыялаган.

20-майда июнь окуясы боюнча айып Убактылуу өкмөттүн дагы үч мүчөсүнө тагылганы белгилүү болгон — УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевге, экс-коргоо министри Исмаил Исаковго жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго. Үчөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат.