Балыкчы: 9 жашар кызга карата ыплас аракеттерди жасаган шектүү кармалды

Ысык-Көл облусунда милиция тогуз жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасоого шектелген 28 жаштагы жигитти кармады. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын ИИБи маалымдады.

Милициядан жабыркаган кыздын апасына таянып, окуя 29-июль күнү кечинде болгонун билдиришти. Анда, аялдын айтымында, белгисиз киши кызын көп кабаттуу үйлөрдүн бирине ээрчитип келип, ыплас аракеттерди жасаган. Ал көчөдө кетип бараткан адамдарды байкап калып качып кеткен.

Өспүрүм кыз милицияга асылган шектүүнүн жашы болжолдуу 25-30 чамалуу экенин, ошондой эле оозунан алкоголдук ичимдик жыттанганын айтып берген.

Аталган факт боюнча «Ыплас аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Милициянын маалыматына ылайык, ал Балыкчыдагы эс алуу үйлөрүнүн биринде келишимдик негизде иштеп жүргөн адам.

Шектүү. Сүрөт: Ысык-Көл ОИИБи.

Факт Балыкчы ИИБнин кылмыштар реестрине катталып, шектүү 2 айга камакка алынды. Иш боюнча тергөө уланып жатат.

Балдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Муну менен кешо балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат.

Эмгек министрлигинде күнү-түнү иштеген акысыз чукул байланыш номери бар. 111 номери аркылуу өлкөнүн ар бир тургуну кайрылып, психологиялык жардам ала алат. Психологдор чоң кишилерге да, кичинекей балдарга да кеп-кеңеш бере алышат.Ошондой эле балдарга жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында Балдарга жардам берүү борбору иштейт. Ал жакка төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: +996773192099 жана +996707079597.

Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Материалдын автору: Жаркынай Жээналиева.

Тема боюнча окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы