Ысык-Көлдө 4 жашар кызды издеп жаткан ыктыярчылар чөгүп кеткен баланын сөөгүн табышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Өлөң айылынын аймагында 4 жашар кызды издеп жаткан суучулдар сууга чөгүп каза тапкан баланын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБи кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, ал 5-августта дайынсыз жоголгон Балыкчынын 27 жаштагы тургуну экени аныкталган. Маркум эпилепсия менен ооруганы айтылды. Окуя боюча экспертиза дайындалып, текшерүү жүрүүдө.

Чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөөгө тартылган ыктыярчылар буга чейин дагы эски балык торуна оролуп калган адамдын калдыктарын табышкан.

Анда милициядан аталган факт боюнча дагы тийиштүү экспертизалар дайындалганын билдиришкен.

Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 4 жаштагы кыз чөгүп кеткени тууралуу ӨМК 17-июлда кабарлаган. Кыз дагы деле изделип жатат.

Чөгүп кеткен төрт жашар кыздын атасы социалдык тармактарда ыктыярчылардан жардам сурап кайрылган.

Ал кызы апасы жана дагы бир тууганы менен үйлөтмө матраста сүзүп жүрүшкөнүн айтып бергген. Ошол учурда, атанын айтымында, катуу шамал башталып, кызы матрастан ыргып кеткен. Кызынын артынан сүзүп барып эле таппай калган.

Куткаруучулар, атанын айтымында, жетекчилигинин же ЖМКнын көзүнчө гана иштешет, калган убакта «курорттогудай эле жүрүшөт».

ӨКМдин өзүнөн кызды 44 адам, анын ичинде туугандары кошо издеп жатканын айтууда.

Кыздын атасы соцтармактардын колдонуучуларына кайрылуусунда ыктыярчыларга тамак-аш жана жол акысы төлөп берилерин билдирген. Ошондой эле үй-бүлө катер, дельтаплан жана унааларга күйүүчү май издеп жатат.

Издөө иштерине жардам берүүнү кааландар үчүн байланыш телефондору:

0552 22 11 12, 0501 35 45 33, 0500 59 99 94, 0553 33 53 35

Тема боюнча окуңуз: Ысык-Көлдө чөгүп кеткен төрт жашар кыз 10 күндөн бери табылбай жатат

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кыздын атасы ыктыярчылардан жардам сурады