Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кыздын атасы ыктыярчылардан жардам сурады

Үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кыз дагы деле табыла элек. Кыздын атасы соцтармактардын колдонуучуларына кайрылып, жардам сурады.

Анын айтымында, 18 июлда кызы апасы жана дагы бир тууганы менен үйлөтмө матраста сүзүп жүрүшкөн. Ошол учурда, атанын айтымында, катуу шамал башталып, кызы матрастан ыргып кеткен. Кызынын артынан сүзүп барып эле таппай калган.

Ал ӨКМ эки сааттан кийин гана келгенин, кызматкерлер болсо анын катуу шамал болуп, кызын башка жерге агызып кетиши мүмкүн экенин айтканына карабастан бир эле жерди издеп туруп алышканын айтат.

«Балким башка жерден издеп көрүш керек, балким шамал алып кетти дегем. Алар болсо, ал (кызым) таштай болуп суунун түбүндө кала берет деп туруп алышты», — деди атасы.

Куткаруучулар, атанын айтымында, жетекчилигинин же ЖМКнын көзүнчө гана иштешет, калган убакта «курорттогудай эле жүрүшөт».

Ал эми ӨКМдин өзүнөн дрон менен беш топто 37 куткаруучу иштеп жатканын белгилешти.

Кыз табылбай жатканына он төрт күн болду. Куткаруучулардан тышкары издөө ишине үй-бүлөнүн туугандары менен ыктыярчылар да кошулган. Кыздын атасы соцтармактардын колдонуучуларынан да жардам сурап кайрылды. Кайрылууда ыктыярчыларга тамак-аш жана жол акысы төлөп берилери айтылат. Ошондой эле үй-бүлө катер, дельтаплан жана унааларга күйүүчү май издеп жатат.

«Адам ресурстары керек, акча маселе эмес. Башкысы кызым табылса болду», — дейт кыздын атасы.

Издөө иштерине жардам берүүнү кааландар үчүн байланыш телефондору:

0552 22 11 12, 0501 35 45 33, 0500 59 99 94, 0553 33 53 35

Материалдын автору: Жаркынай Жээналиева

ТЕМА БОЮНЧА: Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен төрт жашар кыз изделүүдө

Ысык-Көлдө чөгүп кеткен төрт жашар кыз 10 күндөн бери табылбай жатат