Акыйкатчы: Милиция өспүрүм баланы зордуктоо боюнча ишти мыйзамсыз кыскарткан

Чүй облусунда милиция жашы жете элек баланы зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин мыйзамсыз кыскарткан. Бул тууралуу «Клоопко» акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында, дээрлик бир жыл мурда милицияга жаран кайрылып, жашы жете элек уулун белгисиз кишилер зордуктаганын айтып арыз жазган. Бирок укук коргоо органынын кызматкерлери тиешелүү экспертизаларды жүргүзбөй эле кылмыш ишин кыскартып салышкан.

«Жабырлануучунун атасынын айтымында, милиционерлер аны адаштырып коюшкан. Укук коргоо орган кызматкерлери иш коомчулукка жарыяланат деп айтып, андан тосмо арыз алып туруп ишти жаап салышкан», — деди Абдрахматова.

Акыйкатчы баланын үй-бүлөсүнө айылдаштары басым кылып, баланын атасына бир нече ирет кол салуу болуп, бирок укук коргоо органдын кызматкерлери чара көрбөй жатканын белгиледи.

Абдрахматова прокуратура дагы чара көрбөй жатканын кошумчалады. Ал көзөмөл органы жашы жете электердин зордукталышы боюнча иштерге өзгөчө маани бериши керектигин баса белгиледи.

«Эмне үчүн прокуратура мындай иштердин кыскартылып кетишине жол берет? Укук коргоо органдарында зөөкүрлөрдүн кызыкчылыгын коргогон кандайдыр бир тилектештик бар», — деди акыйкатчы.

Милиция эмне дейт?

Чүй ОИИБден «Клооптун» журналистине чындыгында эле бир жыл мурун өспүрүмдүн атасы уулу зордукталганын айтып кайрылганын билдиришти.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, иш баланын атасы тосмо арыз жазып бергендиктен жана экспертизанын жыйынтыгы менен кыскартылган. Экспертизада өспүрүмдүн зордукталганы тастыкталган эмес.

ОИИБден прокуратура бир нече күн мурда кылмыш ишин кыскартуу тууралуу токтомду жокко чыгарганын кошумчалашты.

«Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат. Арыздануучу келтирген жаңы жүйөлөр текшерилүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Мекемеден укук коргоо органына жабырлануучунун үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салуу же басым жасалганы тууралуу арыз түшпөгөнүн кошумчалашты.

Балдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Муну менен кошо балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасашат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

31-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргызстанда жашы жете электерге карата кылмыштардын өсүшү тууралуу билдирген. Министр кесиптештеринен үй-бүлөлүк зомбулуктун, ала качуунун, зордуктоонун, коомдук жайлардагы бейбаштыктардын, жашы жете электерге байланышкан башка кылмыштардын алдын алуу боюнча иш-чараларын күчөтүүнү жана бул тапшырмаларды кынтыксыз аткарууну талап кылган.

Тема боюнча окуңуз: «Жумуштан сырткары убакта болгон». Бийлик 13 жашар кыздын окуясына кандай реакция кылган?

Алты жашар кызды зордуктады деген шектүүнүн жакындары жазаны жеңилдетүүгө аракет кылууда