Бишкекте төрт киши 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып жатат. Учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу жоопко тартылышы мүмкүн. Ошондой эле окуучу кызды зордуктоого шектелген официантка карата козголгон ишти териштирүү да аяктап калды.

Өспүрүмдүн атасы, кызын 2021-жылдын августунан баштап 2022-жылдын февралына чейин зордукташканын айып берген. Мунун баары «Дордой» базарындагы сатуучу, кызды уурулукка айыптап, базарда иштеген күзөтчүгө өткөрүп бергенден соң башталган. Күзөтчү, дагы эки милиция кызматкери «эгер баш ийбесең, камап салабыз» деп коркутуп, зордуктап жүрүшкөн. Кийинчерээк кызды милиция кызматкерлери менен сүйлөшүп алган 20 жаштагы жигит да зордуктаган.

Бул окуя коомду дүрбөлөңгө салып, өлкөдө аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы митингдер өткөн. Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, анын ичинде ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан. Жарандык активисттер жана аялдардын укугун коргогон уюмдардын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар президенттен аялдарга карата зомбулуктун көбөйүп жактанына көңүл бурууну суранышкан.

«Клооп» бул материалда кыздын зордукталышына бийлик өкүлдөрү кандай реакция кылганын, ошондой эле ишти ЖМК кантип чагылдырганы боюнча маалыматты чогултту.

Президент активисттер менен жолуккан жок

Башында Садыр Жапаров өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча эч кандай пикирин билдирген эмес.

5-июлда жарандык активисттер Жапаровго аялдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүп жактанына көңүл бурууну суранып кат жолдошкон.

«Зомбулукка жол берип коюу жашоонун бардык чөйрөсүнө кулачын жайып, биздин коомдун деградациясына алып келет. Мындай кырдаалдын жаралуусу сиздин жеке кийлигишүүӊүздү талап кылат, мындан ашык созууга жана күтүүгө болбойт», — деп кайрылышкан алар.

Алар президент менен укук коргоо органдары жана сот системасында аялдардын конституциялык укугунун утур-утур бузулуп келе жатканын талкуулап, зомбулук менен күрөшүү боюнча сунуш берүүнү каалашкан.

Президент аларды кабыл алган эмес. Жапаровдун администрациясынан балдарды коргоо жалпы мамлекеттин биринчи кезекте жасалчу тапшырмасы жана президенттин маанилүү деп эсептеген багыттарынын бири экенин айтышкан.

«Мындай трагедиялуу окуялар бул багыттагы иштерди дагы да күчөтүү керектигин айгинелеп турат», — деп белгилешкен алар.

Администрациядан балдардын укуктары боюнча атайын өкүл Асел Чынбаева өспүрүмдөгөн жасалган зордук-зомбулук маселесин өз көзөмөлүнө алганын жана бул багыттагы маалыматтар өз убагында президентке жеткирилип турарын кошумчалашкан.

Ал эми Чынбаева президенттик администрациянын маалыматын тастыктаган. Ал 5-июлда 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иштин жүрүшүн күзөтүп жатканын билдирген.

Анын айтымында, жашы жете электерге карата жасалган мындай фактыларга көзөмөл күчөтүлөт. Чынбаева сот процесстерин Балдардын укуктары боюнча катчылыктын өкүлү көзөмөлдөөрүн белгилеген.

7-июлда болсо президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул иш «коомчулукту катуу дүрбөткөнүн» белгилеген.

«Азыркы учурда иш соттун кароосунда, адилеттүү жаза берилет деп ишенебиз. Бул акмактардын аракети эч кандай актоого же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жатпайт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек. Коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек. Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт», — деп жазган ал Фейсбук барагында.

Президенттин басма сөз катчысы мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында мындан ары дагы өз тарабынан бардык аракеттерди көрөрүн кошумчалаган.

«Суук кабарлар» туризмге терс таасирин тийгизет

Окуучу кыздын милиция кызматкерлери тарабынан бир нече жолу зордукталышы тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да пикирин билдирген.

«Милициялардын арасында дагы жанагындай айбандар болот экен. Мен “өлүм жазасын алып коелу, демократиялык өлкө болобуз” дегенде атайын кат жазып кайрылдым эле Аскар Акаевичке. Мындай нерселер кечиримсиз болуш керек. Кечээ Башкы прокурор, Жогорку соттун төрагасы жана күч структуралары менен дагы бул боюнча өзүбүздүн иш-чара, механизмдерди ишке киргиздик. Мына сиздер эки айбан милиционерлер жөнүндө айтып жатасыздар, ага сөз жок, бирок ошол эле убакта бир милиционер күйүп жаткан жерден, бирөө чөгүп жаткан жеринен куткарып чыкты. Эми арасында болот экен, бирок биз буларга чара көрөбүз», — деген Жапаров 5-июлдагы бейформал жолугушууда.

Жапаров ички иштер министрлигинде реформа жүрүп жатканын айткан. Ошондой эле ал бул окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жекече жолугууну убадалаган.

«Ал колунан келген аракеттерди жасап жатат», — деп ишендирген минкабдын төрагасы.

Сөзүнүн аягында, Жапаров ЖМКдагы «суук кабарлар» Кыргызстандагы туризмге терс таасирин тийгизип жатканын айткан — анткени мындай учурда туристтер башка өлкөлөрдү тандап кетип жатат. «Суук кабар» деп Жапаров 13 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу жаңылыкты мисал келтирди.

«[...] Өспүрүм кыздын зордукталышы тууралуу маалыматтарды карай турган болсок, ал тууралуу баары жазды, [туристтер] балдары менен келбейбиз деп жатышат. [...] Эсиңиздерде болсо, өткөн жылы 72 жаштагы кемпир зордукталган деген жаңылык болгон. Биздин өлкөгө келем деген орус, казактар орус тилдүү сайттарга кирип, жаңылыктарды окуп, башка өлкөлөрдө эс алууну тандап жатышат», — деген Жапаров.

Минкабдын төрагасы «суук кабарлар» тууралуу айтканына Грузияны мисал кылган. Анын айтымында, ал жакта жаман нерселерди жашыруу боюнча келишип алышкан.

«Көрсө, 2004-жылы Грузиянын президенти элге кайрылып, “Жаман жаңылыктар грузин тилинде, жакшы жаңылыктар орус жана англис тилинде жазылсын” деген экен. Ушундай адатты киргизишибиз керек», — деген Жапаров.

Бирок Грузиянын журналисттер «Клоопко» алардын өлкөсүндө жаман жаңылыктарды жашырып коюу деген нерсе жок экенин айтып беришти.

«Кайгыны кайра көбөйтүштүн эмне кереги бар?»

Бул иш боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жазып чыкты. Анын айткандары коомчулукта чоң нааразычылыкты жаратты.

Байсалов айрым ЖМК «күн сайын жана саат сайын» бүткүл Кыргызстанды «стресске түшүрүп, маалыматтык террор» кылып жатат деп билдирген. Ал Твиттер барагына өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча маалыматтарга комментарий берип мындай деп жазган: «Бул окуя тууралуу дагы жазып, кайгыны кайра көбөйтүштүн эмне кереги бар?». Ал сөзүнүн аягына ойлонуп жаткан быйтыкча да кошуп койгон.

Минкабдын төрагасынын орун басары болуп өткөн кылмыш иши аны да «ачуулантканын», бирок аталган билдирүүдө «өлкөдөгү маалыматтык гигиена» тууралуу сөз кылганын айткан.

Анын айтымында, жайлоодо адамдар интернетти ачкысы келбей калганын, жалаң негатив маалыматка толуп калганын айтышууда.

«Мен талкуулаган конкреттүү бир учурду айткан жокмун, мында жалпы эле ЖМКнын маалыматтык саясаты тууралуу сөз болуп жатат [...] Редакторлор биринчи бетке эмне жарыяланат, ортосунда кандай маалымат болот, ал эми эң акыркы бетке, кайсы маалымат майда тамгалар менен жазылышы керек экенин түшүнүшү керек. Биз бул нерсеге көңүл бурабыз, анткени, акыр аягы биз элдин маанайына, маалыматтык коопсуздугуна жооп беребиз. Биз калкты дайыма бактысыз кылууга болгон аракеттерден коргойбуз. Кимдир бирөө кесиптик компетенциясы жетишсиз болгондуктан ушундай кылышы мүмкүн, башка бирөө кликтер көп болушу үчүн, дагы башкасы болсо өзүнүн жашоосу жакшы болгон эмес жана калган алты миллион калк дагы кыйналып, бирин-бири жек көрүшүн каалайт», — дегенБайсалов.

Ошол учурда Байсалов «зомбулук фактыларына көз жумуп, бул боюнча ЖМКга жазбай коюу» туура эместигин белгилеген.

«Жумуш учурунда зордукташкан эмес»

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ЖМК өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер менен жолугушууда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган милиционердин жетекчиси жазаланды деп билдирген.

«Милиция кызматкерлеринин жетекчилери да катуу сөгүш алуу жана кызмат даражасынан төмөндөтүү түрүндө жазаланды. Алар кадрлар боюнча жетекчинин орун басары жана Бишкектин Свердлов РИИБдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси», — деген министр.

Журналисттердин бири эмне үчүн укук коргоо кызматкерлеринин жетекчилери оор жазага тартылбаганын сураган.

«Ал нерсе [зордуктоо] жумуш учурунда болгон эмес. Келиңиздер, сот процессине аралашпайбыз», — деп жооп берген Ниязбеков.

«Милиция кызматкерлери жумуштан сырткары убакта зордуктай беришсе болобу?» — деп сураган журналист.

Ага ИИМдин жетекчиси: «Бул сиздин пикириңиз», — деп жооп берген.

«Сиз жумуш учурунда болгон эмес деп жатпайсызбы», — деген журналист.

«Мен антип айта албайм. Милиция кызматкерлери мага же түздөн-түз баш ийген жетекчилерине жумуш убактысынан кийин кайда барышарын айтышпайт. Мисалы үйгө кеттим деп кете беришет. Биз ар биринин артынан жүрө албайбыз да», — деген министр.

«Мен жаза тууралуу айтып жатам», — деп белгилеген журналист.

«Факты белгилүү. Жаза соттун чечиминен кийин берилет», — деген Ниязбеков.

Ички иштер министри Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында зордуктоо фактфсф боюнча көрсөткүч 45%га өскөнүн билдирген.

ИИМдин реакциясы

Ички иштер министрлиги кыздын зордукталышына Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылып бир нече митинг өткөн соң жана депутат Дастан Бекешевдин сынынан кийин гана реакция кылган.

Эл өкүлү ички иштер министри «ушул сыяктуу жапайычылык окуялардан жыйынтык чыгарбай, ишин кадимкидей эле улантып жатканын» айткан. Активисттер 2021-жылы Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөндөн бери Ниязбековдун отставкага кетүүсүн талап кылып келишет.

Министрлик акыркы убакта Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук жасалган учурлар көп эле болгонун моюндашкан. Мекемеден 2021-жылдын декабрынан тарта үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жаза чаралары күчөтүлгөнүнө карабастан зомбулук көрсөтүлүп жатканын айтышкан.

«Айрым депутаттар ИИМдин жетекчилиги «ушул сыяктуу жапайычылык окуялардан жыйынтык чыгарбай, ишин кадимкидей эле улантып жатат деп жазышыптыр. Буга байланыштуу Кыргызстан бирдиктүү мыйзам базасына ээ өлкө экенин, эркектер үчүн да, аялдар үчүн да бирдей укуктар каралганын, укук жана кызыкчылыктарынын сакталышы, үй-бүлөлүк зомбулуктан корголоору кепилденерин маалымдайбыз», — деп билдиришкен ИИМден.

Мекемеден Кыргызстанда аялдар кемсинтүүгө, уруп-согууга чыдап, зомбулукка кабылышарын, айрым учурда мындай окуялар өлүм менен аяктарын моюндашкан.

«Бул бүткүл коом үчүн коркунучтуу сигнал. Аялдарга карата мындай фактылар көңүл сыртында калбайт. Биз бардык тиешелүү ыкчам иликтөө иштерин жүргүзөбүз», — деп ишендиришкен министрликтен.