Алты жашар кызды зордуктады деген шектүүнүн жакындары жазаны жеңилдетүүгө аракет кылууда

«Справедливость» укук коргоо уюму Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда алты жашар кыз зордукталганын айтып чыкты. Ал эми шектүүнүн жакындары жазаны жеңилдетүү үчүн акча сунуштап, жабырлануучунун энесине басым жасап жатат.

Эмне болду?

«Справедливость» уюму окуя үстүбүздөгү жылы 26-майда болгонун билдирди. Мектепке чейинки даярдоо классында окуган алты жаштагы үч кызды 28 жаштагы айылдашы тосуп алып, үйүнө «тыт жегени» чакырган.

Шектүү кыздарга куурулган картөшкө менен жумуртка берип, ата-энелери тууралуу сураган. Андан соң ата-энеси ажырашкан кызды башка имаратка алдап алып барып, зордуктаган.

Ноокен райондук милициясы бул факты боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш ишин козголуп, шектүү Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган. Соттук отурум 15-августка белгиленген.

Укук коргоочулар ушул тапта айыпталуучунун жакындары жабыркаган тарапка басым кылууга аракет кылып жатканын айтышууда.

Айыпталуучунун энеси секелектин дарылануусу жана башка чыгымдарына кеткен каражатты төлөп берүүнү сунуштап, ордуна тосмо арыз талап кылган.

«Эгер баласы 25 жылдан ашык мөөнөткө же өмүр бою эркинен ажыратылса, эч кандай жардам көрсөтпөй турганын айтыптыр», — деп белгилейт алар.

Мындан улам жабырлануучунун апасы кызын жана өзүн коргоо өтүнүчү менен Ноокен райондук прокуратурасына кайрылганын кошумчалашты.

«Справедливость» укук коргоо уюмунун адвокаты Нурислам Райымжанов бул иш боюнча бардык далилдер бар экенин белгилейт. Анын айтымында, окуя болгон жерден кыздын чачы табылган, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы зордуктоо болгонун тастыктап турат.

«Зордукчулар жасаган иши үчүн жоопкерчиликке тартылбаган үчүн коомубузда зордук-зомбулук өтө күчөп кетти. Мындай кылмыш жасагандарды эң узак мөөнөткө соттош керек», — деп белгиледи адвокат.

Балдарга карата зордук-зомбулук

Иллюстративдик сүрөт.

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталды. Анын 55 учуру — сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 19у зордуктоо, 8и ыплас аракеттер, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2021-жылы 417 жаш бала зордук-зомбулукка кабылганын билдирген. Жусупбекова жабырлануучулардын 118и сексуалдык зомбулукка туш болгонун тактаган.

Ал эми өткөн жылдын январында ИИМ Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккенин билдирген. Ошондой эле, министрлик жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болорун белгилеген.

Бишкек шаарында балдарга жана өспүрүмдөргө жардам көрсөтүү борбору бар, ага (+996) 773 192 099 жана (+996) 707 079 597 номерлери аркылуу кайрылса болот. Жалал-Абадда дагы «Ак жол» реабилитациялык борбору иштейт, байланыш номери (+996) 773 741 191.

Эгерде сиз жана сиздин таанышыңыз үй-бүлөлүк зомбулукка кабылса, бул материалда көрсөтүлгөн кризисттик борборлорго кайрылса болот.

Тема боюнча:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт