Сокулук: Аялын мыкаачылык менен сабоого шектелген киши Орусияга кетип жаткан жеринен кармалды

Кармалган шектүү

Чүй облусунун Сокулук районунда аялын мыкаачылык менен сабоого шектелген киши Орусияга кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

33 жаштагы шектүү учурда Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милициядан бул факт боюнча «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын белгилешти.

16-августта 28 жаштагы келин Улуттук госпиталга денесинде оор жаракаттары менен кайрылган. Ал бир күн мурун күйөөсү тарабынан сабалганын айткан.

Бул боюнча Сокулук РИИБи тергөөгө чейинки текшерүүнү баштаган. Ал эми жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун текшерүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Тема боюнча:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз